Ош мамлекеттик юридикалык институтунда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата бир жумалык тилдер фестивалы өткөрүлдү
Окуу жайдын социалдык саясат жана жаштар департаментинин демилгеси менен уюштурулган иш-чарага бардык факультеттердин жана юридикалык колледждин студенттери активдүү катышты. Ар түрдүү тилдерде жана ар кыл тематикадагы концерттик программалар аткарылып, жаштардын башка улуттардын тилин кадырлоого, дилин, каада-салтын, үрп-адаттын билүүгө үндөгөн майрамдык маанай тартууланды. Айрыкча таланттуу студенттердин аткаруусундагы боордош элдердин каада-салттарынын сахнада образдуу театрлаштырылып көргөзүлүшү, улуттук кийим-кечеси көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду. Жумалыкка ар бир тайпанын студенттери жана окутуучулары жоопкерчилик менен даярданышканы ар түрдүү маанайдагы дубал гезиттеринен да байкалды. Студенттер өздөрү даярдаган улуттук тамак-аштардын таржымалы боюнча маалымат берип, даамы кандай экенин, кандай жасалганын баалоого калыстар тобунун алдына коюшту. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана окуу жайдын дипломдору ыйгарылды.
Ризван ИСМАИЛОВА
Leave a Reply