Төрага А.Жээнбеков: “Азыркы этапта Евразиялык экономикалык шериктештиги өзүнүн тарыхый миссиясын жана башкы функцияларын аткарды”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Евразиялык экономикалык шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынын Бюросунун жыйынтык жыйынында ЕврАзЭШ ишинин аякташына байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.
А.Жээнбеков Шериктештик өзүнүн тарыхый милдетин жана башкы функцияларын аткарып бүткөнүн баса белгиледи. «Аталган бирикменин алкагында экономикалык интеграциянын жаңы фазасына өтүүдө базалык шарттар түзүлдү. Биргелешкен күч-аракеттердин негизинде ЕврАзЭШ ачык жана көп тараптуу интеграциялык биримдик катары түзүлгөн. Анын иши өз ара урматташуу, уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ар биринин кызыкчылыктары эске алуу принциптеринин негизинде жолго коюлган. ЕврАзЭШ иштеген 14 жыл аралыгында ал өзүнүн түйүндүү милдеттерин аткарып, евразиялык интеграциянын ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылды, Бажы бирлиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жана ишке чегерүү, ошондой эле 2015-жылдын 1-январынан тарта Евразиялык экономикалык бирликтин баштоо негизин салды», – деп билдирди Төрага А.Жээнбеков.
Ал ЕврАзЭШ ишинин аякташы Кыргызстан үчүн Евразиялык экономикалык бирликтин ишине толук кандуу катышуусунжолжоболоштуруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык шериктештиктин уюштуруучу-мамлекеттеринин бири катары макамын эске алуу менен, анын органдарынын ишине тең укукта катышуусу коштоло турганын, Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимдин негизги принциптери – толук кандуу укукта катышуу, ЕврАзЭШтин Антикризистик фондунун андан аркы ишин сактап калуу, ЕврАзЭШ багытындагы аягына чыкпай калган программаларды ишке ашыруу болуп саналаарын баса белгиледи.
Төрага Кыргызстандын Бажы бирлигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, жаӊыдан түзүлүп жаткан Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу маанилүү тышкы экономикалык артыкчылык болуп эсептелерин айтты. Кыргыз тарап Евразиялык экономикалык комиссия менен бирге Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун алкагында мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө көңүл бурууда. “Бул документтерде белгиленген позицияларды кыргыз тарап ишке ашырууда. Мыйзам долбоорлорунун биринчи пакети парламентте 3-окуудан өттү. Мыйзам долбоорлорунун экинчи пакети 1-окуудан жактырылды. Биз интеграциялык бирикмеге кирүү жөнүндө келишимге кол коюуга чыгуу максатында жакын арада баардык формалдуу процедураларды аяктоого ниеттенип жатабыз” деп Жогорку Кеңештин Төрагасы Бюро мүчөлөрүнүн көңүлүн бурду.
А.Жээнбеков кыргыз тарап 2014-жылдын 29-майында кабыл алынган Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Келишимдин долбоорун иштеп чыгууга киришкендигин билдирди. «Өткөөл мезгилде Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган товарлар менен продукциялар үчүн жеӊилдетилген режим Кыргызстан үчүн кыйла маанилүү. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 10-октябрда Минск шаарында өткөн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликтин органдарына ЕАЭБ жөнүндө Келишимге кол коюлган көлөмдө катышуусунун зарылдыгына көңүл бурган. Бул маселе жаатында биз эми Орусия, Казакстан, Беларусь өнөктөштөрүбүз тараптан колдоо болоруна ишеним артып турабыз», – деп жыйынтыктады өз сөзүн А.Жээнбеков.
Leave a Reply