Нарын

Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун жана Нарын облустук журналисттер уюмунун Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыгы Нарын облустук телерадио берүү компаниясынын баяндамачысы Байтерекова Атыркүлгө ыйгарылды. Бул сыйлык жыл сайын улуттук басма сөз күнүнө карата берилет. А.Байтерекова көп жылдан бери аталган телерадио компанияда иштеп келе жатат. Облустун коомдук-саясий турмушун чагылдырган телеберүүлөрү үчүн ушул сыйлыкка татыктуу болду.

 Таалайбек Темиров

Баткен

КАДАМЖАЙ ШААРЫ ЭКИ ЖАШТА

Мурдагы Кадамжай поселогу Пүлгөн айылы, райондун борбору менен биригип, 2012-жылдын 27-сентябрында шаар статусун расмий алган. Шаардын административдик аймагы толук такталды, толук кандуу шаардык кеңеш жана мэрия иштеп жатат. Шаардык кеңештин курамын төрт саясий партиянын өкүлдөрү түзөт. Жергиликтүү ЖКХ, калкты тейлөө кызматы, КПЖКХ жана 5 мектеп, 3 балдар бакчасы

жана мэриянын алдында муниципалдык менчик башкармалыгы түзүлүп, жеке менчик объектилерин көзөмөлдөөгө алган. Кадамжай шаарынын мэри Толкунбек Камбаров муниципалитеттердин ишин жандандырууга, шаардын казынасын толтурууга, байытууга кызыкдар экенин жашырган жок.

 Ризван Исмаилова

Талас

Өрнөктүү өмүр унутулбайт

Жакында Бакай-Ата районунун Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектебинде   Бейшен Сатыбековдун жаркын элесине арналган музейи ачылды. Музей каармандын балалыгы, студенттик курагы, педагогдук, жетекчилик ишмердиги жана үй-бүлөсү туурасындагы кенен маалыматтардан турат.

Сатыбеков Бейшен жан дүйнөсүндө нагыз педагогдук илхам жашаган чыныгы мугалим болгон. Педагогикалык ишмердикте жараткан ийгиликтери үчүн: Кыргыз билим берүү академиясынын Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси жана башка ондогон сыйлыктар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими ардак наамына ээ болгон.

 Нуржигит Сейдалиев