стам1

11-14-февралда Стамбулда  “Кыргыз айылы” фестивалын уюштуруу жана өткөрүү маселеси боюнча жолугушуулар болуп өттү. Ал  өткөн жылдын сентябрь айында Көчмөндөр оюнунда  тигилген  “Кыргыз айылынын” кичи долбоору десек болот. Стамбулдун борборунда 15-20 боз тигилет. Мында этнографиялык концерт, улуттук   оюндар  көрсөтүлүп, кыргыз даамы жана улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары коюлат. Бул фестиваль 2015-жылы Түркияда Кыргызстандын туризм жылы деп жарыялоонун алкагында өтмөкчү. Маданият, маалымат жана туризм  министринин орун басары Максат Чакиевдин билдирүүсү боюнча буга  эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2013-жылы  кол коюлган макулдашууга ылайык  жетишилди.

Бегим ТУРДАЛИЕВА