Стамбулда “Кыргыз айылы” эшигин ачат
11-14-февралда Стамбулда “Кыргыз айылы” фестивалын уюштуруу жана өткөрүү маселеси боюнча жолугушуулар болуп өттү. Ал өткөн жылдын сентябрь айында Көчмөндөр оюнунда тигилген “Кыргыз айылынын” кичи долбоору десек болот. Стамбулдун борборунда 15-20 боз тигилет. Мында этнографиялык концерт, улуттук оюндар көрсөтүлүп, кыргыз даамы жана улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары коюлат. Бул фестиваль 2015-жылы Түркияда Кыргызстандын туризм жылы деп жарыялоонун алкагында өтмөкчү. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиевдин билдирүүсү боюнча буга эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2013-жылы кол коюлган макулдашууга ылайык жетишилди.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
Leave a Reply