соц фонд1

17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында “КР Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүнүдөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор каралды. Баяндама жасаган Соцфонддун төрагасы Мухамедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2015-жылы Соцфонд тармагында иштеген кызматкерлердин социалдык абалына карап, жалпысынан 12 млн.сом кайтарымдуу ссуда берүү жагы сунушталууда. Мындай колдоого муктаж болгондордун катарында төрт-бештен балдары бар жалгыз бой энелер дагы бар. “Социалдык фонд тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 10-12 миң сомго жетип –жетпейт. Айлык акынын мындай аздыгынан бул тармакта тажрыйбалуу адистерди кармап калуу кыйынга турууда. Мисалы, компьютердик техникаларды тейлөө боюнча адистердин тобу үч ирет алмашып, туруктуу иштебей кетип калып жатышат. Имарат-жайлардын абалы тууралуу абал суктанарлык эмес-дейт М.Абылгазиев. Комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев ансыз да арзыбаган айлыкка иштеген социалдык кызматкерлердин бул сунушун колдоп коюу кажет экенин белгиледи. Ал эми депутат Дастан Бекешев, демилгени колдосок, анда мугалимдер менен врачтар дагы өз муктаждыктарын айтып чыгышарын айтып, акча чогулткандар эле ссуда менен насыяларды ала бербеш керек, –деди.

Жыйынтыгында, комитет мүчөлөрүнүн айткан сунуш-пикирлерин  эске алуу менен “КР Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду экинчи жана үчүнчү окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды- деп Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Айзада Дүйшөнбаева