Hands Wearing Handcuffs

 Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан тоноочулук ишине барган жашы жете элек өспүрүм бала кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 21-ноябрында саат 21:30 чамасында Чүй облусундагы Сокулук районунун Сокулук айылындагы көчөлөрдүн биринде жергиликтүү тургун – 29 жаштагы аялга кол салуу болуп, арт жагынан келген белгисиз эркек аны тумчуктууруу жана коркутуу жолу менен акчасы менен уюлдук телефонун тартып алуууга аракет кылган.

Жабырлануучу кыйкырып, жардам сурап баштаганда кол салган адам аны бошотуп, качып кетүүгө жетишкен. Аталган кол салуу жабырлануучунун үйүнө жакын жерде болгон жана ал кол салган адамдын жүзүн таанып калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Сокулук РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшү менен кийинки күнү шектүү кылмышкердин өздүгү такталып, Сокулук районунун тургуну 16 жаштагы Т.З. кармалды.

ИИМдин маалыматында айтылгандай, жабырлануучу кармалган өспүрүмдү тааныды. Сот шектүү өспүрүмдүн жашы жете электигин жана туруктуу жашаган жерин эске алуу менен үй камагына чыгарды.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери улантылып жатат.