Кара-КечеКыргызстанда газ, мунай болбогону менен кара алтындын чоң кени бар. Ошондуктан акыркы убакта көмүрдөн газ өндүрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Аталган идеяны ишке ашырууга мүмкүнбү жана кара алтындын айланасында, химия илимдеринин кандидаты Шайылда Сарымсаков агай менен маектештик.

-Жакында Президентибиз Алмазбек Атамбаев көмүрдөн газ алса боло тургандыгын айтты бирок, өндүрүүгө тиешелүү адистердин жок болуп жаткандыгынан аталган иш токтоп тургандыгын белгилеп өткөн. Адис катары айтсаңыз, деги көмүрдөн газ алса болобу, же көмүрдү көмүр бойдон колдонгонубуз дуруспу?

-Жаратылыштан чыккан күйүүчү газ бар. Болгону курамында органикасы болушу керек. Кээ бирөөлөр түшүнүп жатышат, азыркы жаратылыш газын алмаштырсак болот го дешип. Көмүрдөн газ алса болот, бирок жалаң метандан турган газды өндүрүү татаалыраак. Эми газды кандай максатта алып, кайда колдонобуз, ошого жараша алыш керекпиз да. Ооба Алмазбек Шаршенович “Ошко көмүрдөн газ ала турган ишкана курабыз, ошого инвестор келе турган болду”,- деп айтты. Көмүрдөн газ алсак деген туура. Ушул маселе боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинде жыйын болду. Менин баамымда, айрымдар Өзбекстан Ошко газ бербей койгондон соң көмүрдөн газ алып, ошол муктаждыкты чечебиз дегендей ойдо болушту. Азыркы жаратылыш газы 99%дан ашык жалаң метандан турат. Бирок андай газды көмүрдөн алганга мүмкүн эмес. Анткени курамы ар кандай болгондуктан, жаратылыш газын алмаштырууга мүмкүнчүлүгү жок. Көмүрдү газга айландырууга кычкылтек, суунун буусу колдонулат. Анан дагы ал газды үй-тиричилигине колдонууга болбойт. Андыктан, көмүрдөн алынган газ менен Ош жылуулук борборун камсыз кылса болот. Көмүрдөн алынган газды тамак-аш бышырууга эмес үйлөрдү, имараттарды жылытууга гана колдонсо болот.

-Дүйнөлүк тажрыйбада көмүрдөн газ алган учурлар барбы?

– Тажрыйбада көп жерлерде эле кездешет. Өзгөчө Кытайда колдонот. Көмүрдү газга айлантканда көп зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Мисалы, Кытайда негизинен көмүрдүн газын электр-станцияларын жылытуу үчүн колдонушат. Алар электр тогун өндүрүүдө, жылуулукту алууда 70-80% көмүрдү колдонушат. Жылуулук берүүсү жаратылыш газына караганда начарыраак болот.

-Бизде малдын кыгынан биогаз алып жүрүшөт го…

-Малдын кыгынан да газ алынат. Андай иштер бир топ болуп жатат. Газды органикалык заттардан мисалы, жыгачтан, өсүмдүктөрдүн калдыктарынан, малдын кыктарынан алсак да болот.

– Казакстандын кара алтынына суроо-талап көптөй сезилет. Негизи эле биздин көмүр менен казактардын көмүрүнүн сапатынан кандай айырмачылык көрсөк болот?

-Эч кандай айырма жок. Бирок сапаты жагынан начар болуп жатат дегендин өз себеби бар. Жеке компаниялар көмүр казып алууда туура эмес казып алуудан, көмүрдүн сапатына доо кетирип жатышкандай. Себеби, көпчүлүк убакта көмүрдүн үстүнкү кыртышында топурак, кум болот да. Мына ушул тазалоо ишин дыкат кылуу керек. Үстүнкү катмарлары чала күйүп калбоо үчүн өтө көзөмөл менен ишти аткаруу керек. Суу, аба киргендиктен чала күйүп калат. Ушул себептерден улам, биздин көмүрлөрдүн сапатын жаман деген сөздөр арбын айтылат. Казып алуунун да өз эрежелерин сактоо керек. Мурун ар бир кенди казып алуу иштеринде көзөмөл күчтүү болуучу. Бизден чыккан көмүрлөр жапжакшынакай эле. Болгону, биздин көмүрлөрдү ортомчулар сапатсыз деген пикир жаратууга аракеттенишет. Анын себеби, түшүнүктүү. Казуу эрежелери сакталбагандыктан, көмүрдүн сапаты жоголууда.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА