жаштар1

Кадр саясаты көп убакыттан бери эле аксап  келе жаткандай көрүнөт. Ар бир бийлик алмашканда өз кадрларын көтөрүп чыгат. Кадр саясатында ийгиликке жеткендери же ишенип берилген иштин тизгини туура эмес тарапка бурулганын да эл баштан кечирген. Ушул тапта жаңы кадрлардын келүү агымы абдан байкалууда. Бул  да болсо бийлик адамдарынын келечекте алмашкыс жаш интеллектуалдуу келечектен көптү үмүттөндүргөн кызматкерлерди дайындоодо. Кыргызстанда эки жолку революцияда тең жаштар бийликке келиши керек деген сөздөр басымдуу болгон. Жаштар чоң күчкө ээ, жаңы ой, жаңы идеяларды алып келет – деп айтылып жүрөт. Ошондуктан апрель революциясынан кийин өлкөдө биринчи жолу жаштар министрлиги да түзүлүп аны жетектөөгө да жаш кадр көрсөтүлгөн. Бул аракет жаштарды мамлекеттик кызматка тартуунун башкы багыттарынын бири болуп калды. Беш жыл өткөндөн кийин, мамлекеттик жетектөөчү кызматтарда улуу муундун басым кылып жатканы байкалганы менен жакшылап карай келсек, жаштар да алардан кем калбай жетектөөчү кызматтарга барып жатканын баамдасак болот. Индира Жолдубаева- Башкы прокурор. 36 жашта. Сапар Исаков- Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси. 38 жашта. Темир Жумакадыров – Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары. Эльвира Сариева- Билим берүү министри. 40 жашта. Айбек Асыраңкулов -Жаштар ишке орноштуруу министри. Кадыр Токтогулов -Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси. Азат Базаркулов -Мегеком компаниясынын башкы директору,41 жашта . Жанарбек Акаев- Президеттин басма сөз катчысы. 29 жашта. Толукунбек Абдыгулов – Улуттук банктын төрөгасы. 39 жашта. Алмаз Үсөнов- Президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси. 34 жашта. Бактыбек Калмаматов- Жогорку Кеңештин депутаты. 31 жашта. Дастан Бекешов – Жогорку Кеңештин депутаты. 32 жашта. Данияр Тербишалиев- Жогорку Кеңештин депутаты. 34 жашта. Акылбек Эшимов- Жогорку Кеңештин депутаты, 39 жашта. Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты. 39 жашта. Нурбек Алимбеков – Жогорку Кеңештин депутаты. 40 жашта. Ыргал Кадыралиева- Жогорку Кеңештин депутаты. 34 жашта. Жоомарт Сапарбаев- Жогорку Кеңештин депутаты. 31 жашта. Мирланбек Байгончоков – Финансы министринин орун басары. 41 жашта. Максат Чакиев- Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары. 38 жашта. Айбек Калиев- Энергетик жана өнөр жай министринин орун басары. 32 жашта. Уланбек Дөөталиев- Юстиция министринин орун басары. 33 жашта. Нурканбек Керимбаев- Жогорку Кеңештин төрөгасынын басма сөз катчысы. 29 жашта. Улан Уезбаев- Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары. 34 жашта.

Бул жолу мамлекеттик жооптуу кызматта отурган кызматкерлерди тизмектедик. Ачыгын айтыш керек, жаштардын арасында деле бийликти самаган, кызматтан да атакты биринчиге койгондору жок эмес. Тапшырылган ишинен майнап чыгара албай кеткендери да бар. Акырындык менен элита акырындык менен оошуп, алардын ордуна жаштар келе баштаган процесс башталганын белгилейли.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА