аида

   21-күнү Нарын шаарына өлкөнүн кечээки башкы прокурору Аида Салянова келип, коомчулук менен жолугушуу жыйын өткөрдү. Облустук театрдын чоң залы жык-жыйма толуп, каалоочулар эки капталда туруп дагы турушту.

    -Мурун Нарынга көп эле келчүмүн. Жамандык-жакшылык маселер болчу. Кийин статс катчы, юстиция министри кезимде да жумушка байланыштуу келер элем. Бирок биринчи жолу саясатка тиешелүү маселе менен келип жатам. Чынында мен башкы прокурор кезимде саясат менен алектенейин деген оюм жок эле. 2015-жылга чоң максаттарды коюп иштеп жаткам. Бирок, ар түркүн нерселерге байланыштуу саясатка аттанууга туура келди,-деп сөз баштаган кечээки башкы прокурор Аида Салянова өзүнө ишенген адамдар менен саясый топ түзгөндүгүн, ошондуктан кичи Мекенине келип колдоо сурап, анан башка жумуштарды улантуу максаты бар экендигин белгилеп, зал толтура келген жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Бардык тармак коррупция менен чырмалышкан

Өз сөзүндө А.Салянова айым коррупцияга негизги басым жасады

-Менин иштеп жаткандагы эң негизги маселем коррупция менен күрөшүү болбодубу. Анан көрдүм. Кайсы гана тармакты албайлы баарысы коррупция менен чырмалышкан. Бирок ошол тармакта коррупцияны тамыры менен жойбосо, курулай сөз болуп кала берет экен. Эгерде уурдап-тоноо боло берсе, өлкөдө өзгөрүү болбойт экен,-дейт А.Салянова айым.

Соттордон колдоо таппай

    Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын кечээки башчысы сот реформа зарылдыгын да башкы маселе катары белгиледи.

-Биз көп жумуштарды жасадык. Бирок ошол жасалган жумуштардан соттон колдоо таппай калдык. Ошондуктан коррупция менен күрөшүүдө тыкыс байланышкан иш бул сот реформасында экен. Мындайда башкы прокурордун да алы жетпейт. Себеби биздин ыйгарым укуктарыбыз чектелүү болчу. Демек мен адам катары, юрист катары башка саясый күч керектигин түшүндүм. Ал күч парламентте, эгер ушул укуктар менен туура колдонсо. Анткени көрүп жатасыздар кээ бир депутаттар өздөрүнүн ачык ойлорун айтышат. Сөздөрүнө бек турат. Ошолордун сүйлөгөн сөздөрүнүн арты менен жылыш болууда. Мен дагы ошондой күч болуп, артымдан жаштарды, сөзсүз түрдө аял жолдошторду алып баргым келет. Эми эркектер мени кечирип койсун, анткени аялдар кээ бир маселелерде туруктураак жана таза болот. А негизи ким ушу өлкөдө өзгөртүүнү кааласа, ким ошого башын байлап коюп барам десе ошондой адамдар менен өзгөртүүгө барса болот. Мен терең ишенем, эгерде ишенич катуу болсо, өзгөрүүнү биздин мамлекетте жасоого болот. Анткени жасай турган ишибиз кудайга жага турган иш. Ошондуктан мен сиздердин колдоңуздарга муктажмын,-деген жаңы саясый лидер жер-жерлерде партиялык уюмдар ачылаарын, атайын штаб ишти аткарарын, бирок азырынча үгүт иштер болбостугун, тек партия тууралуу маалымат берүү менен колдоо сурап гана келгендигин дагы бир жолу кеп кылды.

Анан суроолор, сунуштар, каалоолор айтылды.

Суроо: -Соттордо, прокуратурада жоопкерчилик деген жок?

Жооп: -Негизи тартип орното турган адамдар өзүлөрү тартипти бузуп жатышпайбы. Анан каяктан тартип орнотобуз. Биз ушундай адамдар менен да көп иштедик. Алардын көбүнө жаман көрүндүк. Бирок артында калың элдин укуктары бузулуп жатты да. Маселен кыйноо боюнча берене кылмыш жаза кодексине 1998-жылы киргизилген. Бирок мен иштегенге чейин бир дагы өкүм кыйноо боюнча чыккан эмес. Азыркы тапта 30 иш сотко өтүп, экөөнө өкүм чыгарылган. Ал эми иштеп турган убакта 181 адамды прокуратурадан кызматтан алыптырмын. Бул прокуратура ичиндеги тазаланууну айтат. Демек тазалансак болот экен.

Суроо: -Өзүңүзгө түз келген партия менен кошулуп алсаңыз добуш көп болот беле?

Жооп: -Негизи партияларга кирүү сунуштары болгон жана болуп жатат. Бирок оңой жолду каалаган жокмун. Себеби оңой нерсе буюрбайт экен. Жаңы партия түзүү менин жеке чечимим. Ошол эле учурда пенде болгондон кийин 100 пайыз гарантия да бере албайсың. Ошондуктан мен эки ай сайын мүмкүнчүлүктөрүмдү өлчөп турам. Анан рейтинге жараша иш болот.

     Суроо: -Жолдошуңузга, агаңызга иш козголду деген күмөн ойлор бар. Эмне деп жооп айта аласыз?

Жооп: -Суроо туура берилди. Менин кеткениме бир күндө эле себеп түзүлгөн жок. Бул нерсе көп айдан бери келе жаткан. Башында агам жөнүндө айтылып, тергөөнүн материалдарынан бери маалыматка чыгып кетип жатты. Себеби мен иштей баштагандан тарта эле ар кандай маалыматтар айтыла баштаган. Ошолордун бири деп маани бербегем. Анан ТЭЦке тиешелүү дагы бир маселе чыгып калды. Ошондо көмүр маселесине менин жолдошумду жабыштырганга чоң аракеттер болду. Бирок «ак ийилет сынбайт» деп элибизде айтылгандай эч нерсени жабыштыра алышкан жок. Эгер мурда маалыматтык чабуул бирде болуп, бирде токтоп калган болсо, бул жолкуларда эч токтогон жок. Атайын бир сценарийдей боло берди. Мисалы агам боюнча айтсам, ал жерде бери дегенде 40тай, ары дегенде 400дөй күбөлөр бар экен. Бирок агамдын эле фамилиясы айтылат. Себеби Салянова тергетпей жатат, иштетпей жатат деген дооматтар башталды. Анан жолдошума дагы ушундай дооматтар башталып, кылмыш иши козголду дешти. А чындыгында кылмыш иши жок. Күбө катары гана суралды. Мунун деле жыйынтыгы жок. Бул жерде заказ болуп жатканын билгенден кийин мен өзүм расмий түрдө тергөө өткөзгүлө деп талап кылдым. Ошондон кийин башка адамдардын үстүнөн иш козголо баштады. Чындык деген ачуу болот экен. Себеби мен бийликке каршы жолго кеткенге мажбур болуудамын. Балким оппозиция болуп калышым мүмкүн. Эгерде агамдын же жолдошумдун бир нерсеси бар болсо, анда мен Президент сунуштаган жумуштарга же Өмүрбек Текебаев сунуш кылган Юстиция министри кызматына кете берип, тынч барып иштеп, анан иштин бүткөнүн күтөт элем да.

Суроо: -Президенттик шайлоого барсаңыз кандай болот?

Жооп: -Эми ал келечектин иши. Кудайым буюрса көрөбүз.

Суроо-Эмне үчүн ишиңизди аягына чейин чыгара алган жоксуз?

Жооп: -Мен Башкы прокурор болуп иштеп турганда көптөгөн мэрлерге, акимдерге, орун басараларга иш козголду. Өзүм 12 депутатка козгодум. Ошол эле учурда 4 министрге, алардын көп орун басарларына козголду. Бирок мында кеп саясый колдоодо болуп жатты. Себеби бул адамдарда баарысы бар да. Биз кенедей маалымат кызматыбыз менен тиешелүү жоопторду жазып, өзүбүз гана тырмышып иштеп келдик. Бирок көп маселелерде өйдө жактын саясый колдоолору керек болот.

15 мүнөт лыжа тэптиргиси келгендер

     Дээрлик бир жарым саат маалда көп эле жарандар собол бергенге да, каалоо пикир айтканга да, сунуш келтирге да үлгүрүштү.

-Шыкмаматовду кызматтан алганга фракциянын ушунча күчү барбы? -Жогорку Кеңеш кандай маселе болсо эле кийлигишет? -Депутаттардын 3-4ү белгилүү, калгандары белгисиз? -Эмне үчүн Мырзакматовго кылмыш ишти сиз козгогон жоксуз? ж.б. суроолорго жооптор берилди. Айрымдары -Чет өлкөгө чыгып кетпедиң, сага кошулабыз, колдойбуз; Уюшкан кылмыштуулуктан коркподуң; Сени сүйөбүз, ардактайбыз; Көздөгөн максатыңарга жеткиле; Манас ордени сага ургаачы болсун; Кыргызстаныбыз өзүң ачкандай «Күчтүү Кыргызстан» болсун; Келечекте Эл Баатыры болуңуз; 15 мүнөт лыжа тээп эс алып кетиңиз; Апрель баатыры болом; өзүбүз алып келген бийликке жардам берип иштеп келебиз; Биз угуп алып залды толтуруп олтурабыз; Башкы прокурор болсоңуз, жергиликтүү бийлик сиздин жаныңызга жолотмок эмес ж.б. ой-пикирлер айтылды. А түгүл 85 жашка келгендигин айткан бир карыя үйүнөн суу чыкпай калгандыгын айтып калды. Акыры Аида Салянова айым элден уруксаат сурап дагы жолугушууга бара турган жерлери бар экендигин эшиткенден соң үн күчөткүчтү күткөндөр саны азайды. Атайын шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Жумабек Аманов аксакалга сөз берилип, ал батасын жолдоду.

Кеп өңүтү

  Ошентип Ала Тоо жергесине ысымы аттын кашкасындай танымал болгон айымдын салмактуу кызматтан кетиши жана кайрадан саясатка ачык аттангандыгы коомчулукта ар кандай ой жороптоолорго жем таштады.

-Салянованы Президент атайын даярдаш үчүн ушундай оюндар болууда. Ал шайлоо жакындаганда КСДП менен биригет. Себеби азыркы бийликти өздөрүн ыңкылапчылар деп санагандар колдошууда. Алар болсо ушул жыйынды башкарууга алышыптыр. Демек жүрүп олтуруп Салянова акыры бийлик партиясына кошулат,-деп бир даары көзү ачыктык кылса, кай бирлери ал ушундай кадамга баргандыгын чындык катары баалашууда. Үчүнчү тараптагылар Аида айымдын алгачкы кадамдарына нааразы.

-Бул алгачкы жолугушууну «көчө деңгээлдеги» айрым жарандар алып барды. Экинчиден беш манжага жетпеген саналуу адамдарды айтпаганда, негизинен көндүм болгон бийликтеги ардагерлер, жигердүү карыялар, «революционерлер», анан албетте эл арасында «обончу» аталгандар сөз сүйлөштү. Алардын дээрлик бардыгына лидер жарандын ишмердигинин кереги деле жок. Алардын башкы максаттары бийликтеби, оппозициядабы же өз алдынча Саляновадай жаңы чоң саясатка аттанып жатабы, айтор ошолордун көзүнө көрүнүп калуулары зарыл нерсе. Анан эртеңки учурда мына мен ушул партияны же ошол лидерди колдогом деп суудан кургак болуп чыга келет,-дешет үчүнчү тараптагылар.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу