мигрант1

Мындай чечимге келгендигин  Москвада бир нече жылдан бери ашпозчу болуп иштеп жүргөн, Россия жарандыгын алган Абдинаби Тургунбеков билдирди. Анткени АКШ менен Батыштын санкциясынын жана мунайдын дүйнөлүк баасынын арзандашынан улам рублдин куну түшүп, мурдагыга караганда күчүн бир жарым эсе жоготкондуктан, жашоо улам кыйын болууда. Ошол эле учурда квартира менен азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатат. Натыйжада мигранттардын иштеп тапкан акчасы күнүмдүк жашоосуна араң жетип, кээде жетпей да калууда.

“Мен Россияда 10 жылдан ашык мигрант болуп иштеп жүрөм. 2 жыл мурда Россия жарандыгын алганмын. Бирок акыркы мезгилдеги каржы кризиси бир гана биз, мигранттарга эмес, россиялык жергиликтүү жарандарга да кыйынчылык жаратууда. Көпчүлүк ишканалар банкрот болуп, жабылып калууда. Өзгөчө жумушка ар кандай уруксат документтерин алып, турак-жай ижарасын төлөп, Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө, туугандарына да акча жөнөтүп турган бизге окшогон мигранттарга кыйын болуп калды. Ошондуктан мен Россия жарандыгынан баш тартып, кайра Кыргызстанга кетүүнү чечтим”,- деди ал.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы