сабиров

Кыргыз Республдикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика” парламенттик фракциясынын лидери, Гандбол федерациясынын президенти Максат Сабиров Казакстандын Жамбыл облусунда өткөн гандбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы мелдешке күбө болуп келди.

Аталган мелдеш Казакстан Элдер ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата уюштурулган. Гандбол боюнча мелдешке Кыргызстандан өспүрүмдөрдүн курама командасы катышты.

Өткөрүлгөн мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 3-орунду камсыз кылды. Жеңүүчү командаларга кубоктор жана дипломдор тапшырылды. КР Гандбол федерациясынын баш катчысы Майрамбек уулу Мирландын айтымында, Федерациянын жакынкы пландарында Казакстандын командаларынын катышуусунда гандбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатын өткөрүү максаты бар.