прокуратура

Өткөн сандарыбыздын биринде “Биримдикте жарык жок, ууру күч” деген куш кабар жарыяланган эле. Андан көп өтпөй Аламүдүн районунун прокурору Кубан Мамакеев бул ишти өз көзөмөлүнө алаарын билдирип, прокуратура кызматкери Алтынбек Райымжановго иштин мыйзамдуу жагын карап чыгып, элге жардам берүүсүн тапшырган. Кыш мезгилинде кылчылдап, үшүп отурган адамдардын абалын түшүнгөн Алтынбек Райымжанов райондук жетекчилерге элдин мүдөөсүн түшүндүрүп, жарыктын киришине абдан чоң жардам берди. Биримдик кут жаңы конушунун комиссия төрагасы Марат Осмоналиевдин жана прокуратура кызматкери Алтынбек Райымжановдун аракети менен февраль айынын ичинде жаңы конушка жарык кирип, күч алган уурулар да тык токтогонсуду. Биримдик жаңы коншунун жашоочулары жардамга кол сунганы үчүн Аламүдүн райондук прокуратурасына ыраазычылыгын билдирүүдө.

Сымбат Максутова