1-1

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мекен коргоочуларынын күнү – эрдиктин, каармандыктын жана ар-намыстын майрамы менен куттуктайм!

Бул күнү биз эң жооптуу мезгилде каармандык менен Мекенди коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз. Эң оболу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигине терең таазим этебиз. Ардагерлерибизден Мекенди сүйүүнү үйрөнөбүз, кайраттуулукка жана  тайманбастыкка үйрөнөбүз. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында бул өзгөчө мааниге ээ.

Мезгил учкул – муундар алмашып, баалуулуктар өзгөрүүдө, улам жаңы  максаттар жана милдеттер алдыга коюлууда. Бирок бир гана нерсе – Мекенди коргоо, туулган жериңди, элиңди коргоо зарылчылыгы эч өзгөрүүсүз калат. Мамлекеттүүлүктү, эркиндикти жана биримдикти коргоо  азыр да зор мааниге ээ.

Бардыгыбыздын максатыбыз бир – эркин жана гүлдөп өнүккөн  Кыргызстанды куруу!

 Кымбаттуу Мекен коргоочулары!

 Кымбаттуу мекендештер!

Жаркыраган ушул майрамда бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай, аманчылык, тынчтык жана келечекке зор ишеним каалайм!

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек АТАМБАЕВ