Турдубаев

Өкмөт калк үчүн электр энергиясына 70 тыйын өлчөмүндөгү социалдык тарифти сактоосу керек, – деп билдирди Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен өлкөнүн энергетика системасынын ишин жана абалын талкуулоо учурунда. Жолугушуунун жүрүшүндө министр жылытуу сезонунун жүрүшү боюнча маалымат берди. Ошондой эле калкты жана өнөр жай объекттерин электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоого жетишүү үчүн жасалып жаткан иштер жана тариф саясаты жөнүндө сөз болду. Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы 18-февралда министрди кабыл алып, энергосистеманын мүмкүнчүлүгүн арттырууга багытталган жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана ири энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү боюнча маалымат алды.

Өлкөбүздүн өнөр жайынын өткөн тарыхына көз чаптыруу менен бүгүнкүсүнө да саресеп салсак, өзгөчө тагдырга ээ экенин байкайбыз. Анткени, Кыргызстандын өнөр жайы кайсы бир убактарда дүркүрөп өнүгүү доорун башынан кечирген. Өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин борборубуздагы союздук маанидеги “Ленин”, “Фрунзе”, “ЭВМ” сыяктуу заводдор, Ош шаарындагы Текстиль комбинаты, Жибек комбинаты, ХБК, Насос заводу, ошондой эле Токмок, Кара-Балта ж.б. шаарларындагы ири завод-фабрикалар үзгүлтүксүз иштөө менен жүз миңдеген адамдарды жумуш орундары менен камсыз кылып турган. Чийки заттарды ташып жеткирүү же чыгарылган продукцияларды сатуу маселелери эч кандай кыйынчылык туудурчу эмес. Мунун баарын СССРдин пландуу экономикалык системасы жөнгө салып турчу. Ошол убактагы Кыргызстандын кубаттуу өнөр жайы Советтер Союзунун бирдиктүү эл чарбасы менен тыгыз байланышкан кубаттуу өнөр жай державасынын бир бөлүгү эле. Ошондуктан, СССРдин ыдырашы менен чийки сырьелорду, жабдууларды жеткирип берүү, чыгарылган продукцияларды ташып кетүү кыл буугандай токтогон. Натыйжада, республикабыздын өнөр жайы болуп көрбөгөндөй терең кризиске дуушар болгон. Өнөр жайын мындай оор абалдан чыгаруу жаңыдан эгемендүүлүккө ээ болгон Кыргызстандын өз жонуна жүктөлгөн.