Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды
2015-жылдын 5-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы финансы министри менен 2015-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин жана аны аткаруу боюнча Финансы министрлиги тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулады.
Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Ольга Лаврова ошондой эле Кыргызстандын Финансы министрлигинин 2015-жылга ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
Мамлекет башчысы Финансы министрлигинин жана өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын Кыргызстанда макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоодо жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылууда биргелешип иш жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.
Leave a Reply