абдул1

23-январь күнү Сауд Арабиясынын бийлиги 90 жаштагы падыша Абдалла жерге коюлганын кабарлап, бирок мүрзөсү каякта экенин айткан жок. Маркумдун жаназасы да жашыруун окулуп, аябай чоӊ салтанаттагы узатуу аземдери болбоду. Мунун себебин Newsweek журналы анализдеп көргөн.

“Азыр Сауд Арабиясынын башында турган монархтар ультра-консервативдүү, мусулманчылыктын шарттарын кынтыксыз аткарган вахаббий тобуна киришет. Падыша Абдалла өлкө башында 10 жылга чукул турганына карабай, аза күтүү жана узатуу аземдери болгон жок. Аябай жөнөкөй жөрөлгө менен тымызын жерге беришти”, – деп жазат журнал.

Кэмбриж университетинин ислам илимдери боюнча доктору Тони Стриттин айтымында, вахаббийлер кудайдан башка эч нерсеге сыйынбай, өлгөндөн кийин өз артына из калтыргылары келбейт. Падыша Абдалла бийликке 2005-жылы келген эле, ал каза болору менен ордуна иниси Салман тактыга отурду.

Бактыгүл Чыныбаева, Азаттык