joomart-otorbaev

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого катышары же катышпасы тууралуу чечим чыгара элек. Муну өкмөт жетекчиси 20-январда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Өзүнүн саясатка аралашуусун Жоомарт Оторбаев мындайча билдирди:  “Өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымымды кошоюн деп саясатка келдим. Ушуга таянып чечим кабыл алам, азыр биздин башкы максат – демократияны өнүктүрүү”,- деди премьер-министр.

Ошондой эле, Өкмөт башчы кызматтан кетүүгө арыз жазбаганын да айтып: “Айрым маалыматтарда айтылгандай, мен отставкага кетүүгө арыз жазган эмесмин. Өкмөттүн кандай иштеп жатканына эл өз баасын берет”,- деп билдирүүсүн айтты.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА