SONY DSC

2014-жылдын 12-ноябры саат 08:00гө карата Республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КРнын ӨКМнин өрт-куткаруу кызматтары ыкчам маалыматы билдиргендей 

Ош шаарындагы Кеңеш ресторанынан өрт чыкты

2014-жылдын 11-ноябры күнү саат 14:37де Ош шаарындагы А. Шакиров көчөсүндө жайгашкан ”Кеңеш” ресторанынын жыгач устундуу темир менен жабылган 500м² чатыры, курулуш материалдары күйгөн. Бул ресторандын ээси Н. Раимбердиева, ижарачы Т. Сарыбаев болгон.

Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнин №85 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылып, саат 17:04тө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби азыркы учурда такталууда.

Ошондой эле Баткен облусу боюнча  Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай айылында 2014-жылдын 11-ноябры күнү саат 17:50дө Арпа-Сай атындагы орто мектебинде өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен мектептин коридору, 1 класстын ДВП менен капталган шыбы, 6 даана пластик эшик жана 2 даана терезе күйгөн. Жалпы аянты 119м².

Өрттү өчүрүүгө КРнын ӨКМнин №75 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, КРнын ӨКМнин №76 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана КРнын ӨКМнин №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 19:55де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби, жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.