преступ

Ошто ажыга барчулардан акча алып, убадасына турбаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматчысы Замир Сыдыков SUPER.KG порталына бүгүн, 18-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, күч органдарына Баткен районунун 42 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал өзүн “ажы башымын” деп тааныштырган Түркбай аттуу адам ажыга жөнөтүү үчүн 2400 доллар алып, убадасына турбаганын айткан. Ушундай эле арыз менен Баткен районунун дагы 3 жараны кайрылган. Алардан жалпы 8800 доллар алган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 56 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну, Ош облустук казыятынын кеңешчиси Түркбай Полотов аттуу жаран кармалган. Ал буга чейин 3 жолу ажыга барып келген. Ошондой эле анын Ош облусунда 7 адамды алдаганы аныкталган. Кылмышка шектүү ажыга кете турчу рейсти билип, алданган жарандарды бир күн өткөн соң аэропортко чакырган. Кийин “биз рейстен кечигип калыптырбыз” деп кутулган. Эгер ким бул жарандан жабыркаса, милиция кызматкерлерине кайрылса болот.

Булак: super.kg