мигр1

Орусияда мигранттардын саны сегиз пайызга кыскарды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский билдирген.

Маалыматка ылайык мигрантардын саны сегиз пайызга кыскаруудан тышкары өлкөлөрүнө акча которуу да кескин төмөндөгөн. Чет элдик жумушчу күчүнүн кескин кыскарышынын себеби рублдун долларга жана еврого карата түшүп кетүүсү себепчи болгон. Ромодановскийдин билдиргенине караганда, мыйзам ченемдүү иштеген жарандардын саны үчтөн бир эсеге көбөйгөн. Орусиянын Федералдык миграция башчысынын Улуттук банктын маалыматтарына таянып, 2014-жылдын экинчи жарымында мигранттардын өлкөлөрүнө акча которуусу 11% төмөндөгүнүн дагы кошумчалайт. Акыркы маалыматтарга караганда Орусияда 11 миллионго жакын мигранттар эмгектенишет, алардын 2,4 миллиону эмгек көчмөндөрү болуп эсептелет.

Даярдаган Айнура Шайкеева