кран1
 Орусиянын Красноярск крайында Кыргызстандын 2 жаранын кран илип кетип, каза болушту. Кранды башкарып жаткан 53 жашар жумушчу кармалды.

Орусиялык ЖМК маалымдагандай, окуя 13-январь күнү болгон. 15-кабатта полго бетон куюп, 3 адам иштеп жаткан. Кран бир жумушчуну илип кеткенде, ал өзүн куткаруу максатында экинчисин тартып кеткен. Экөө тең жерге кулап түшкөн.

Аны менен катар, каза болгондордун айтымында, алар крандын башкаруучусу — Тажикстандын жараны менен болгон пикир келишпестиктен көз жумушу мүмкүн.

24 жана 34 жаштагы 2 кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Алар «Заманбап курулуш компаниясы» ЖЧКсынын жумушчулары болгон.