Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда 7-класстын окуучусу өз жанын кыйды. Бир нече жыл мурда анын эжеси да ушундай жагдайда өмүр менен кош айтышканы маалым болду.

Акыркы бир жарым жыл ичинде Нарын облусунда он беш өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Акыркы бир жарым жыл ичинде Нарын облусунда он беш өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

 Бир үй-бүлөдө мындай кайгылуу эки окуянын катталышын адистер балдардын ата-энесинин ажырашып кеткенине байланыштырып жатышат. Акыркы бир жарым жылда бул окуя орун алган айылда алты, ал эми Нарын облусунда он беш өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү Кара-Бүргөн айылынын тургуну Манас Бактыбай уулунун асынып алганын тастыктады.

Өспүрүмдүн атасы Бактыбай баласы жакында эле колуна келгенин айтууда. Уулу үч жылдан бери мектепке барбай калгандан улам аны өзү тарбиялоону чечкен экен.

– Үйгө келип, баламды жумшап койгом. Сыртта жүрөт деп ойлогонбуз. Анан эле үйдүн чатырынан көрүп калдык. Мындайы деле жок болчу. Балдарга аралашып эле жүрчү. Урушчу эмеспиз. Баарыбыз жакшы көрчүбүз. Балдар менен деле чырдашканын көргөн эмес элек. Биринчи аялым менен кеткен кызымдын эмне үчүн ушундай кадамга барганын билбейм. Мага кабар беришкенинен барып келгем.

Буга чейин Бактыбайдын кызы да бойго жеткен кезде белгисиз себептен улам өмүр менен коштошкон экен. Ошентип, бир кезде үйлөнүп, кайра ажырашкан ата-эненин кызы да, уулу да кайра келгис сапарга кете берди.

Окуя катталган Кара-Бүргөн айылында акыркы бир жарым жылда алты бала өз жанын кыйган экен. Нарын облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымбек Мамытов мунун себебин мындайча түшүндүрдү:

– Эгер билим берүү тармагынын тили менен айта турган болсок, ар бир мектептин соцпедагогдору ар бир бала менен иштеши керек. Алардын мүнөзүнө жараша мамиле жасашы шарт. Бир мектепке бир психолог сөзсүз керек. Бирок биз азыр дотацияда отурабыз, андыктан муну бюджет аркылуу чечүү кыйын. Бирок биз ар бир мугалимди психолог болгонго үйрөтүп жатабыз.

Балдардын өз жанын кыйышына үй-бүлөдөгү социалдык муктаждык себепкер деген пикирге Нарын облустук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Кылыч Мамбеталиев кошулбайт. Анын айтымында, өзүнө кол салгандар арасында байгер үй-бүлөнүн да балдары бар:

– Азыр балдардын кыялы чатак. Сөз көтөрө алышпайт. Жада калса бизге айрым ата-энелер “балабыз бизди укпайт, тарбиялоо оор болуп калды” деп кайрылышат. Мунун бирден бир себеби азыркы коомдо болуп жаткан интернет, социалдык тармактар, чет өлкөнүн тасмалары. Булардын таасири менен балдар ата-энесин “өлөм” деп коркутуп алышкан.

Ал эми Аалымдар кеңешинин Нарын облусундагы мүчөсү Эрик Молдокулов мындай көрүнүштөрдүн пайда болушун эл арасындагы, үй-бүлөдөгү диний сабатсыздык менен байланыштырды:

– Биз азыр руханий жактан ачкабыз. Негизи азыр биздин диний лидерлерибиз диний жактан толук тарбия бере албай жатат. Балдарга руханий азык берүү үчүн алар менен чогуу иштөө керек. Биздин диний кызматкерлерибиздин жетишсиздигинен биз бул жагынан аябай аксап атабыз.

Анткен менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгы өз өмүрүнө кол салуу фактысы азайып калгандыгын белгилеп, мунун алдын алуучу аракеттер облус аймагында жапырт жүрүп жатканы менен түшүндүрдү. Расмий маалыматка караганда 2013-жылы 15 адам өз жанын кыйса, былтыр беш өспүрүм өмүрү менен кош айтышкан.

Мирлан Кадыров, Азаттык