сорев

Эртең, 20-январда  Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт  академиясында Бишкектин ЖОЖдорунун жана Кесиптик  орто билим берүү  окуу жайларынын  кызматкерлеринин ортосунда    спорттун  негизги түрлөрү боюнча спартакиада  салтанаттуу ачылат.

Спартакиада билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин  спортко тартуу жана  Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринин ортосунда өтүүчү “Ден соолук”  спартакиадасына  күчтүү командаларды  аныктоо максатында өтмөкчү.  Билим тармагындагы спорт майрамы  31-январга чейин уланат. Спартакиаданы  даярдоо жана өткөрүүнү  министрликке караштуу “Жаштык” спорттук-массалык  борбору жүргүзүүдө.

Бегим ТУРДАЛИЕВА