парламент1

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Айнуру Алтыбаева.

Мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке бир убакта келип түшкөн атаандаш мыйзам долборлорунун маанилүү жана керектүү жоболорун камтыган макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аларды бириктирүү жолу менен Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин мындай атаандаш мыйзам долбоорлорун кароо процедурасынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана жеңилдетүү зарылчылыгы жаралган.

Демилгечилердин бири Т.Зулпукаровдун айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште атаандаш мыйзам долбоорлорунун каралуусун жеңилдетүү, “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюу жана редакциялык кемчиликтерди оңдоо максаттарында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун концепциясы окшош (атаандаш) мыйзам долборлорунда бир убакытта маңыздуу жоболору бар болгондугуна карабастан, «КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 51-статьясынын 5-бөлүгүндө аларды бириктирүү мүмүкүнчүлүгү каралбагандыгына негизделген. Сунушталган түзөтүүлөр менен Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин мыйзам чыгаруу жумушун, окшош мыйзам долбоорлорунун маанилүү ченемдик компоненттеринин бар болгонуна жараша бир мыйзам долбооруна бириктирүү менен жеңилдетилиши каралууда.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.