бала бак

Билим берүү министрлигинин алдындагы «Билим берүү максатындагы глобалдык өнөктөштүк» долбоорунун алкагында 2015-2016-жыл ичинде Кыргызстанда 100 бала бакча ачылат,-деп билдирди аталган долбоордун координатору Александра Исаева.

Дүйнөлүк Банк тарабынан аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 12,7 млн. сом каражат каралган. Бул багытта Баткен областынын 10 айылына бала бакча ачуу пландалып жатат. Максат,  мектепке чейинки жаштагы балдарды мектепке даярдоо болуп саналат. Бала бакчанын имарат маселеси жергиликтүү бийликке милдеттендирилген. Ал эми бала бакчанын эмеректери, оюнчуктар, окуу куралдары, идиш-аяк буюм тайымдар толугу менен   долбоордун эсебинен каржыланат.

Бул долбоордун алкагында пландалып жаткан иш-чараларды талкуулаган тегерек стол областтык өкүлчүлүктө болуп өттү. Өткөрүлгөн тегерек столго жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана билим берүү тармагынын жетекчилери катышты.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу