муз

 Нарын шаарындагы хоккей аянтында 24-25-январь күндөрү 2000-2002- жана 2003-2005-жылдары төрөлгөн окуучулар арасында хоккей оюнунун «Алтын Шайба» мелдеши болуп өттү. Турнир өтүп жаткан маалда ошол жерден Нарын хоккей лигасынын (НХЛ) президенти Эльзар Болотбеков айрым ЖМК өкүлдөрүнө буларды билдирди.

-Союз тарагандан бери окуучулардын хоккей оюну боюнча ушундай турнири өткөрүлбөй калган. Анан жаңы уюушулган НХЛ демилге көтөрүп чыгып, бардык райондорго маалымат бергенбиз. Бирок Нарын районунан Эчки-Башы, Орто-Нура жана Кеңеш айылдарынан, ал эми Нарын шаарынан 2 топ болуп өз ара таймаш өткөрүшүүдө. Эми биз окуучулар арасынан курама топ түзүп 15-февралда Бишкекке барып нарындыктардын намысын коргоп келебиз,-деп алгачкы күнү маалымат берген Э.Болотбеков мырза оюндун жыйынтыгында Нарын районунун Кеңеш айылынын окуучулары биринчи орунду ээлегендиктерин, 1-3-орунду алган топторго диплом жана баалуу сыйлыктар НХЛ тарабынан берилгендигин, жабылыш шааниге бийликтен бир да жан келбегендигин кошумча телефон аркылуу кабарлады.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу