Нарында 3440 түтүн мамлекеттик жардамга муктаж
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жетекчиси Токтобек Шоңкоев учурда Нарын облусу боюнча турак-жайлары жарылып, жашаган үйлөрү кулап калуу коркунучуна жеткен түтүн саны 3440 экендигин билдирет.
-Бул тизмелер 2010-2013-жылдарга туура келет. Анын ичинен 2010-2011-жылдарда жаратылыш кырсыктарынан турак-жайлары жабыркаган жарандарга 656 ипотекалык сертификаттар үчүн 61 млн. 550 миң, 2013-жылы болсо 525 сертификатка 77 млн. 900 миң сом акча каражаты бөлүнүп, таратылууда. Бул кырдаалда кээ бир учурда эл дагы күнөөлүү болушууда. Маселен, бирөө мал сугарам деп музду чагып салат. Жыйынтыгында кышкы суулар ташкындап тамдарды каптайт. Ошол эле маалда айтылган тапшырмаларды аткарбаган жетекчилер бар. Маселен Нарын районунун Учкун, Кочкор районунун Көк-Жар айыл аймактарында күзүндө агын суу келген арыктар бүтөлбөгөндүктөн улам сел жазында айылдарды каптап кеткен,-дейт Т.Шоңкоев мырза.
Мындай кинеге облустук бийлик да кошулат.
-Ар бир айыл аймакта бирден өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер иштейт. Бирок алар башка жумуштар менен алектенген учурлар бар. Эмне үчүн ошол адистер туура иштешпейт,-деген пикирин билдирет өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын
Leave a Reply