Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы орто мектебинде бүгүн, 5-мартта «Мектеп, ата-эне жана коомчулук менен байланыш» аттуу ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анда «Алыкулга гүл десте» аттуу адабий кече уюштурулуп, бир катар мугалимдер жамааты жана активисттер катышты. Кечеде акын, жазуучу Алыкул Осмоновдун чыгармалары мектеп окуучулары тарабынан чагылдырылды. Ошондой эле, акындын поэзия, ырлары окуучулар тарабынан айтылып бааланды.

Андан тышкары, предметтик ачык сабактар класстан тышкары иш-чаралар өткөрүлдү.