Кошки тоже любят зиму

Батыш басма сөзүндө узаган аптада эӊ көп окулган макалалардын башында Орусиядагы мышык тууралуу окуя болду. Орусиянын Обнинск шаарында көчөдө жашаган жолбун Маша аттуу мышык саксайган жүнү менен батир үйлөрдүн подьездине таштап кеткен үч айлык наристени катуу сууктан аман алып калды деп жазат The Mirror гезити.

Ымыркайды белгисиз бирөөлөр кагаз кутуга салып, сыртка таштап кеткен. 10 градустан төмөнкү аязда бала суукта бир нече саат жатса тоӊуп калмак. Бирок жолбун мышык баланы жылытып, кагаз кутунун ичинен катуу мыйоолоп жергиликтүү тургундардын көӊүлүн өзүнө буруп, баланын тирүү калышына шарт түзгөн чоӊ каарманга айланды дейт аталган гезит.

Бактыгүл Чыныбаева, Азаттык