никитенко1

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жарандар тарабынан укук коргоо органдары, аткаминерлер, сот инстанцияларынын иш-аракетине нааразы болгон арыздар көбүрөөк келип түшөт. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Наталья Никитенко билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдуулук иштерин жүргүзүп жаткан адистер өздөрү жарандардын укуктарын тепселеп жаткандыктан, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бул боюнча чаралар көрүлүп жатат.

“Адам укуктарын коргогон комитет жалпы жарандардын укугун коргойт. Мамлекеттик кызматкер болобу, бийлиги, байлыгы болобу эч нерсесине карабай жалпы адам укугунун сакталышына аракет кылабыз. Чындыгында айрым атуулдар соттун чечимине же аткаминерлердин иштерине ишенбей, мамлекетте акыйкат жок деп ойлошот. Андай эмес, бизде дагы акыйкаттуу иштеген адистер бар. Акыйкатчы, жарандар менен иш алып барган коомдук уюмдар жана башка укук коргоочулар бул тармакта тең салмактуу баа берип, аларды колдоого алат. Депутаттар дагы коомдун бейпилдиги, укуктардын сакталуусу үчүн мыйзамдарды көзөмөлгө алып жатат. Бизге келген арыздар толугу менен каралып чыгат”,-дейт Н.Никитенко.

“Кабар-пресс” мамлекеттик маалымат кызматы