комп 5

Мультфильмдер өсүп келе жаткан баланы тарбиялоочу эң жеткиликтүү курал. Андагы ар бир окуя баланын психологиясына өзгөчө таасир берет жана коомду ошол көргөн фильмдер аркылуу кабыл алышат. Мультфильмдеги каармандар жеткинчекке өзүн алып жүрүүнүн ар тараптуу багыттарын көрсөтөт. Ошолор аркылуу жаман менен жакшыны, боорукердик менен ташбоордукту айырмалай алышат.  Бөбөк өзүн сүйүктүү каарманына окшотот да анын кыймылын, кылган ишин, кылыктарын аткара баштайт. Ошондой эле мультфильм баланын аң-сезимине, ой жүгүртүүсүнө, дүйнө таанымына түздөн-түз таасирин тийгизет. Тилекке каршы, азыркы заманбап мультфильмдер тарбиялык, психологиялык жана педагогикалык жактан изилденбей, сабатсыз иштелип, балага терс таасирин тийгизип калууда. Мисалы, кээ бир мультфильмдердеги башкы каармандар айлана-чөйрөгө зыян келтирип, коомдук эрежелерди сактабай, уурулук кылып, адамдарды өлтүрүп, жаман жоруктарды көп жасашат. Ошол эле жасагандары үчүн бирөө аны жазалабайт, же жаман иштерди жасап жатканын эч ким түшүндүрбѳйт. Ошентип балада  жаман иштер кадимки эле көрүнүш болуп сезилет. Аны жасаса да, эч ким тыюу салбайт экен деген түшүнүк пайда болот. Мындай мультфильмдерди такай көргөн бала сөзсүз түрдө ал жоруктарды кайталайт.

Ошондуктан ат-энелер  жогорудагыларды эске алып, балдарыбыздын сапаты начар фильмдерди кѳрүүсүнѳ тыюу салып, аларды терс  жоруктардан сактап калалы.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА