Россия1-

“Таштанды чөлкөмү”

Өткөн аптадa Moody’s Орусиянын мамлекеттик облигацияларын Baa3 деңгээлинен Ba1 деңгээлине чейин түшүргөн. Ошентип орус облигациялары инвестиция катары эсептелбеген, спекулятивдик документтер кирген “таштанды” чөлкөмүндө болуп калды. Moody’s 2015-жылы орус экономикасын терең рецессия күтүп турганын, артка кетүү 2016-жылы да уланаарын божомолдоодо. Moody’s Орусиянын кредиттик рейтингин “таштанды” деңгээлинде деп баалаган үч эң ири агенттиктин бирөөсү. Бул мамлекеттин облигацияларын инвестиция чөлкөмүнө бир гана Fitchагенттиги киргизип турат. Бирок ал дагы 10-январда рейтингди “ВВВ” көрсөткүчүнөн “ВВВ-” деңгээлине түшүргөн. Бул “таштандыдан” мурда келчү инвестициялык баалуулугу эң төмөн тепкич.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА