Ливия1

Ливиянын өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине кайрылып, өлкөгө курал алып кирүүгө тыюу салган эмбаргону алып салууну өтүндү. Бул кайрылуу өлкөнүн коопсуздук маселеси кескин начаралап кетекенине байланыштуу жасалды деп түшүндүрүлүп жатат. Ливиянын тышкы иштер министри Мохаммед Даири өз билдирүүсүндө, курал-жарактардын келүүсү өлкөнүн армиясынын “Ислам мамлекети” жана бир катар экстремисттик топторго каршы күрөшүнө жардам бермекчи. Бул чакырыкты Египет бийлиги колдоп жатат. Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси БУУнун коопсуздук кеңешин Ливиянын исламчыл экстремисттер менен күрөшүнө уруксат берген резолюция кабыл алууга чакырып жатат. Ливияда полковник Муаммар Каддафини бийликтен кулаткан 2011-жылдагы толкундоолордон бери кырдаал тынч эмес. Өлкөдө бир катар куралдуу топтор бийлик жана таасир үчүн күрөшүп келет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА