кван

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Ж.Разаков «Bio Agro» компаниясынын башкы директору Лим Хюн Кванг менен жолукту.

Жолугушууга «Bio Agro» компаниясынын финансы директору Пак Сун Янг, Корея тараптан кеңешчи Канг Чонг Хун, ЖКнын депутаты А.Абдрахманов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө медицина, айыл чарба жана тоо-кен өндүрүү тармагы боюнча маселелер ортого коюлуп, талкууга алынды.

«Иш сапарымдын жүрүшүндө мен, Баткен облусунун бардык маселелерин жана жакшы мүмкүнчүлүктөрүн көрө алдым. Аларды жакшылап билгенден кийин, бизнес-долбоор түзөбүз. Ошо менен эми маселелерди кезек-кезеги менен чечкенге мүмкүнчүлүк ачылат. Мен облус менен өз ара байланыш түзгөнгө жана Баткен облусуна инвесторлорду көбүрөөк тартканга болгон күч-аракетимди жумшайм. Андан да баткендик багбандардын көп пайдасын түрктөр менен тажиктер көрүшөт экен», – деди кореялык инвестор Лим Хюн Кванг.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу