жер айдоо

Лейлек жергесинде жер айдоо иштери кызуу башталды. Аталган аймактын ылдыйкы өрөөнү- Маргун айыл аймагында миң гектар жерге кылкындуу дан эгиндеринин үрөнү себилди. Ал эми Бешкентте болсо 600, Кулундуда 300 га жер аянтына буудай жана арпа эгилди. Бул өнөктүккө 120дан ашуун техникалар тартылды. Жылдагыдан ыкчам жана уюшкандыкта башталган айыл чарба иштери жакынкы күндөрдө райондун  тоолуу аймактарында да башталмай болду.

Адылбек АКМАТОВ, Баткен облусу