корь1

Кызамык менен кызылчага  каршы массалык эмдөө март айында Чүй менен Бишкекте башталат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, экинчи этабы апрель-майда болот. Анда өлкөнүн бардык аймактарындагы 20 жашка чейинкилер өтөт.  Белгилей кетсек, 12-февралда бул илдеттерге каршы вакцина келген. Учурда Дары-дармек менен камсыз кылуу департаменти аларды сертификациядан өткөрүүдө. Буга чейин өкмөт кызамык менен кызылчага каршы вакцинага 34 миллион сомдон ашык акча бөлгөн.

Мээрим  БАКТЫБЕКОВА