Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу учурунда муз майдандарда, тоодогу лыжа базаларында эс алгандардын катары калыңдады.

Караколдогу лыжа базасы

Караколдогу лыжа базасы

 Акыркы жылдары Бишкектин тегерегинде бир топ жаңы лыжа базалары жана муз аянтчалары пайда болду. Кышкы спортко ылайыкташкан эс алуу жайлары арбыганы менен ага келгендердин санынын көптүгүнөн баарында киши толтура.

Продюсер, актриса Замира Сатыбалдиеванебереси менен “Локомотив” майданына муз тебүү үчүн келген. Бутуна коньки кийип, муз үстүндө тең салмакты кармай албай бир нече жолу жыгылганына карабай, чеберлердей коньки тебүүнү үйрөнүүгө аракет кылууда.

– Муздун үстүндө бир нече жолу жыгылдым. Бирок ошого карабай үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Тең салмакты сактап, эрежеси менен эле тепсең эч нерсе болбойт экен. Коньки тебүү эс алууга жакшы экен. Ушундай кызыктуу экенин билсем мурда эле келмек экенмин.

Аталган майдандагы муз тебүүчүлөр арасынан ырчы Ырыскелди Осмонкуловду да кездештирдим. Ал төрт жаштагы уулуна коньки тебүүнү үйрөтүп жүргөн экен.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов "Локомотив" муз майданында. 7-январь, 2015-ж. Бишкек.Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов “Локомотив” муз майданында. 7-январь, 2015-ж. Бишкек.

​​- Уулум Айбар төрт жашта. Коньки тебүүнү үйрөтөйүн деп экинчи жолу алып келдим. Жаш кезинен үйрөтүп койсоң ден соолугу үчүн пайдалуу. Өзүм 20 жылдан ашуун убакыттан бери коньки тебе элек болчум. Дагы келип, чебер тепкенди үйрөнүш керек экен. Ушуга окшогон муз майдандар шаардын ичинде да болсо жакшы болмок. Мэрияга сунуш айтаар элем: кыш айларында Ала-Тоо аянтына ачык муз аянтын жасап коюшса, көп эл сергек жашоого багыт алмак.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына таандык “Локомотив” муз майданы үч жыл мурда ачылган. Аталган спорт комплекстин жетекчисиУлукбек Нусубалиев жаңы жылдык эс алуу учурунда муз тебүү үчүн келгендердин саны күнүнө орточо эсеп менен 600 адамга чейин жетүүдө дейт:

Караколдогу лыжа базасыКараколдогу лыжа базасы

– Локомотив спорт комплекси мамлекетке караштуу “Кыргыз темир жолу” ишканасына таандык болгондуктан баалары арзан. Саатына чоңдор үчүн 250 сом, балдар үчүн 150 сом. Эртең мененки 10дон кечки 10го чейин иштейбиз. Бизде эркин муз тебүүдөн сырткары хоккей, муз үстүндө көркөм бийлөө ийримдери да бар. Ал эми спорттун түрлөрү боюнча 10го чейин машыкса болот.

“Локомотив” спорттук комплексинде конькини эркин тебүүдөн сырткары, хоккей жана муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча ийримдер бар.

Бишкекте “Локомотивден” тышкары “Шаардык муз майдан” деген аталыштагы муз аянтчасы бар. Кара-Жыгач жаңы конушунун аймагындагы жеке менчик шаардык муз майдан 2008-жылы ачылган. Мекеменин администрациясынан билдиришкендей, муз үстүндө коньки тебүүгө чоңдор үчүн саатына 400 сом, 12 жашка чейин балдарга 300 сом, 5 жашка чейинкилерге 150 сом төлөнөт. Булардан тышкары Бишкекте майда муз аянтчалары да бар. Хоккей жана муз үстүндө көркөм бийлөө боюнча ийримдерге бул жерде да машыкса болот.

Жогорудагы сыяктуу жылына 9-10 ай иштеген муз майданы Ош шаарында да бар.

Кыргызстандын башка аймактарында ачык асман алдында кыш айларында көлдөргө же атайын аянттарга муз тоңдурулуп, жергиликтүү тургундар коньки менен муз тебишип, ошондой эле хоккей ойноп жүрүшөт.

Дал ушундай муз майдандар Ак-Талаа районунун ар бир айылында ачылып жатканын райондук администрациянын өкүлдөрү буга чейин билдиришкен. Бул муз талааларында саатына 50 сомго коньки менен муз тепсе болот. Ушундай эле ачык асман алдындагы муз майдандары Жумгал районунда Чаек айылында, Миң-Куш айылында жана Ысык-Көл облусунун бир нече айылдарында бар.

Бишкек шаарында муз майдандары ачыла элек кезде Чаек айылындагы Шортон көлүндө тоңдурулган аянтта Кыргызстан боюнча хоккей мелдештери уюштурулуп келген.

Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөр союзунун аткаруучу директору Марат Даниловдун маалыматы боюнча тоо лыжа базаларындагы баалар. 7-январь, 2015-ж.Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөр союзунун аткаруучу директору Марат Даниловдун маалыматы боюнча тоо лыжа базаларындагы баалар. 7-январь, 2015-ж.

Ошондой эле Кыргызстандын тоолуу аймактарында тоодон ылдый чана тээп, эс алса болот. Дал ушундай кышкы эс алууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк Бишкекке жакын жайгашкан Кашка-Суу айылынын аймагында да бар. Бишкек шаарынын тургунуСагынбек Абдиев жакында эле достору менен аталган эс алуу жайына барып эс алып келген.

– Тоодон ылдый чана, баллон менен түшсө болот экен. Чананы бир саатка колдонуп 250 сом, баллонго 120 сом төлөдүк. Ага кошумча муз майдандарын да көрдүм. Кышкы эс алууга жакшы шарттар түзүлүптүр. 

Кыргызстандын аймактарында жергиликтүү жана чет элдик конокторду тоо лыжа базалары кабыл алып, эс алуу үчүн өз кызматтарын тартуулап келет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин директору Максат Чакиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы катталган. Учурда алардын 17си иштейт.

Булак: Азаттык