чыгарылган мигран
 Кыргызстандын аймагында 25-27-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн оперативдүү-профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан КР миграциялык мыйзамын бузуу боюнча 379 учур аныкталды.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагына кирүүдө жана эмгектенүү эрежелерин бузган 379 чет мамлекеттик жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, жалпы суммасы 399 миң сом айып салынды. Ошондой эле, соттун чечими менен 8 чет мамлекеттик жаран республиканын аймагынан чыгарылды.

Мындан тышкары, операциянын жүрүшүндө 143 мыйзам бузуу учуру аныкталды. Анын ичинде мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 1 учур, Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү – 2, баңги затын мыйзамсыз даярдоо, сактоо, сатуу, ташуу же колдонуу боюнча – 8 учур бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле, 9 факты боюнча экстремисттик максаттагы китептер, компак дисктер, брошюра, баракчалар, блокноттор жана флеш карттар алынды.