спорту

Шаршемби, 26-ноябрда өтчү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиясына катышууну каалаган журналисттер алгач ого эле көп болуп жаткан. Анткени, олимпиадага даярдоо борборунун (ЦОП) жана спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчилеринин отчеттору менен аларды кызматтан алуу маселелери каралмак. Аталган мамагенттиктин директору К. Эргешов коллегияны күтпөй эле 19-ноябрда ЦОПтун директору Назирдин Акылбековду, коллегияга бир күн калганда, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касеновду кызматтарынан бошотуп койду.

Мындай окуядан соң журналисттер арасында коллегияга болгон кызыгуу айтпасак деле түшүнүктүү болуп, актуалдуулугун жоготуп койду. Мамагенттиктин директору белгилегендей, кыргыз спортунда коллегиялык жыйынга журналисттер биринчи жолу чакырылыптыр.

Алмаз Касеновдун ордуна “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасында директордун орун басары болуп иштеп келген Доорбай Миңбаев дайындалгандыктан, А.Касеновдун көчмөндөр оюндары боюнча отчету күн тартибинен алынып салынды.

Алгач, региондордо көп жылдардан бери иштеген машыктыруучуларга “Эмгек сиңирген машыктыруучу” наамын берүү маселеси каралды. Мурдагы эрежеге ылайык, 30 жыл иштеген адиске ушундай наам берүү каралган экен. Коллегия мүчөлөрү 25 жыл иштеп, 5 спорттун чеберин даярдаган адистерге берилсин деген чечимге токтолушту.

Спорттун улуттук түрлөрүнөн “Эмгек сиңирген спорт чебери” наамын берүү маселеси да талашка түштү. Акырында катары менен болбосо да өз карьерасында 5 жолу Азия чемпиону болгондорго наам берүүнү коллегия мүчөлөрү колдошту.

17-Азия оюндарынын отчету деле анчалык талаш-тартышты жараткан жок. Мамагенттик 8 медаль алууну пландаштырган экен. Алтын албасак да, 6 медаль алганыбызды эске алалы дешип, бул маселени да жыйынтыкташты.

Коллегия мүчөсү, каржы министринин орун басары, спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Арзыбек Кожошев, мурдагы президент К.Бакиев, олимпиада чемпиондору К.Осмоналиев менен  А.Мелентьевге, Пекин олимпиадасында байгелүү орундарга жетишкен Канат Бегалиев жана Руслан Түмөнбаевге өмүр бою берилчү стипендия чектеп кеткендигин мыйзамдаштырууну сунуш кылды. Мындан сырткары Москва олимпиадасынын чемпиону, Каныбек Осмоналиевди Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына, велоспортчу  Евгений Ваккер менен анын машыктыруучусу Эркен Акрамовду “Манас” орденине көрсөтүү сунушу менен кайрылды, коллегия мүчөлөрү колдошту.

Башкы машыктыруучулардын айрымдары каражаттын тартыштыгын айтып чыгышты, айрымдары кызматтарынан алынып, кээ бирлерине эскертүү берилип, дагы бирөөлөрү сыйлыкка көрсөтүлүп, кезектеги коллегия жыйынтыкталды.

Айтор, өгүз өлбөсүн, араба сынбасын дегендей кыргыз спортунда жакын арада эч кандай жаңылык, өзгөрүү күтүлбөйт окшойт…

Асан ЖУНУСОВ