кой

Мындан чейрек кылым мурдараак эле мал чарбачылыгы Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй өнүгүп, койлорубуздун башы он миллионго жеткен. Алардын дээрлиги жөнөкөй эмес, асыл тукумдуу уяң жүндүү койлор эле. Кой жүнүн өндүрүү боюнча өлкөбүз Орусия менен Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыккан. Нарында Тяньшань жарым уяң жүндүү, Ошто килем өндүрүшүндө алмаштыргыс жарым кылчыктуу Алай тукумундагы койлор өстүрүлсө, селекциялык иштер үзүрүн берип, жалпы республикада накта уяң жүндүү кыргыз койлорунун тукуму жайылтылган.

Ушул тапта алтай, аскан, кавказ, каракүл, меринос, грозный, ставрополь, саль, прекос, маныча меринос, эдилбай, гиссар сыяктуу койлордун дүйнөдөгү 600гө жакын түрлөрүнүн арасында орточо 4-5 кг жүн берген кыргыз уяң жүндүү тукумунун аталышы албетте, мал жандуу кыргыз калкын сыймыктандырат.

1981-жылы КПСС Борбордук Комитети менен СССР Министрлер Совети Кыргызстанда кой чарбасын өнүктүрүүнүн чараларын аныктаган атайын Токтом кабыл алган. Анда 1990-жылга карата койлордун санын 12 млн. башка жеткирүү, он жылда 1 млн. 700 миң тонна кой этин, 470 миң тонна уяң жана жарым уяң жүн өндүрүү, тоют менен камсыздоо үчүн 1 млн. га жерлерди сугат аянттарына айлантуу, ал эми келечекте койлордун санын 15 миллионго чейин көбөйтүү белгиленген. Тилекке каршы, 90-жылдары кыска убакыт ичинде эле эчендеген илимпоздордун, зоотехник-адистердин, эң башкысы малчылардын мээнети, кажыбас эмгеги менен өнүгүп-өскөн кой чарбачылыгынан дээрлик кол жууганыбыз ич күйдүрөт.

Ошентип, кашыктап жыйналган байлык кандайча чөмүчтөп чачылганын бир айтып, бир түгөтпөй, миң ирет кайталап, аликүнгө чейин сандарын чапчыгандар толтура. Союз тарагандан кийин Кыргызстанда он миллиондон ашып калган койлордун төрттөн үч бөлүгү, алардын ичинде 3,8 млн. баш уяң жүндүү асыл тукум кыргыз койлорунун теңинен көбү таланып, арам өлгөнүн, аягы бир бөтөлкө аракка сатылганын кантип унутууга болот? Жогорудагыдай акылсыздык өлкөбүздүн өнөр жай ишканаларынын тагдырына да балта чапты. Жүн иштеткен, жип ийриген, кездеме чыгарган ишканаларыбыз сырьёсуз калып, акыры алар да талкаланды. Ырас, 2000-жылдары кой чарбасын кайрадан жандандыруу аракеттери жасалып, Дүйнөлүк банктан миллиондогон доллар каражаттар алынды. Бирок, кызылдай акчалар кайрадан эле ичилип желип, чачылып, австралиялык токтулар менен кочкорлордун дээрлиги арам өлүп, кимди ким көрдү, быржыбайды там басты демекчи, кой чарбасын өнүктүрүү долбоорунан майнап чыкпай “оомийин” болду.

Чынында чарбаларды чачпай сактап калганда жыл сайын 25 миң тонна жүн, 100 миң тонна кой этин өндүрсөк өлкөбүз жылына 1,1 млрд. доллар туруктуу киреше алып турмак экен. “Мындай көлөмдөгү эт менен жүндү алууга 6 миллион кой баксак эле жетиштүү. Миллиард доллардан ашык туруктуу кирешени экономикабыздын бир дагы тармагы бере албайт”,-деп 2002-жылы айыл чарба илиминин доктору Ы.Абдурасуловдун айтканы эске түшөт. Бирок, кой чарбасын Союз маалындагыдай концепциялар менен өнүктүрүш кыйын. Азыр бул тармак Алыбек алына жараша дегендей өз арбайын согуп жатат. Жеке чарбаларда тоют жетишпей, жугуштуу ылаңдардын айынан да койлор кырылган учурларга күбө болуп жатабыз. Жакында Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактарды өнүктүрүү боюнча комитети уяң жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү боюнча программа иштеп чыгууну Өкмөткө тапшырды. Ал кандай программа болот азыр болжоп айтыш кыйын. Себеби, асыл тукум кой чарбасын өнүктүрүүгө олчойгон каражаттар талап кылынат. Бизде азыр ошондой мүмкүнчүлүктөр барбы?

Мына быйыл кыш ызгаардуу болот деп метеорологдор азыртадан эле суук кабарды таратышууда. Ансыз деле тоют тартыш экендиги баарыбызга белгилүү. Өткөн кылымга кайрылсак, 1951-жылы мал кыштатуу үчүн СССРдин даярдоо министрлиги Кыргызстанга 5 миң тонна жемди ссуда катары, ал эми СССР Мамбанкы кыргызстандык колхоздор менен совхоздорго тоют сатып алууга жана ташып жеткирүүгө 3 млн. рубль өлчөмүндө кредит бөлүп берген экен. Азыр Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк жок.

Дүйнөдөгү жагдай кандай?

XXI кылымдын башталышында дүйнөдө 1 млрд.дан ашык койлор бар экендиги тууралуу маалыматтар айтылган. Бул эсеп, бир аз ылдыйлап же жогорулап өзгөрө бериши мүмкүн.

Негизинен, жалпы койлордун 52%ы алдыңкы он өлкөдө, 25%ы Кытай менен Австралияда экендиги белгилүү. Маселен, Кытайда – 174 млн., Австралияда – 100 млн., Индияда – 63 млн., Суданда – 49 млн., Жаңы Зеландияда – 40,1 млн., Иранда – 52 млн., Нигерияда – 23 млн., ЮАРда – 25 млн., Испанияда – 22,5 млн., Улуу Британияда – 34,7 млн., Орусияда – 17 млн. кой бар. Баарын санап олтурсак барак түтпөйт. Ушундай мисалдардан улам бир эле кыргыз калкы мал-жандуу деп айта беришке да ооз барбайт.

Койлордон дүйнөдө жылына 5 млн. тонна эт, 7,6 млн. тонна сүт, 1,4 млн. тонна жүн алынат. Эсептөөлөргө таянсак жер калкынын жан башына 1,29 кг эт, 1,70 кг кой сүтү, 0,23 кг жүн туура келет экен.

Жүн демекчи…

Австралия өлкөсүнө дүйнөдө өндүрүлгөн бардык жүндүн 25%ы таандык. Ал эми жуулган жүндүн бир койго эсептегендеги салмагы Жаңы Зеландияда (4,26 кг), Австралияда (3,76 кг), Уругвайда (3,29 кг), Ирландияда (3,06 кг) жана Чилиде (2,43 кг) түзөт.

Адистердин эсеби боюнча 1920-жылдан бери дүйнөдө жүндү керектөө 800 эсеге өскөн. Ошол эле мезгилде аны өндүрүү жылдан-жылга кыскарууда. Жүн өндүрүү жайыттары кеңири жана калкы аз жайгашкан аймактары бар өлкөлөрдө гана кирешелүү болушу мүмкүн.

Синтетикалык жана пахта булаларын колдонуу дүйнөдө өсүп жаткандыктан, жүндөн даяр продукция чыгаруунун көлөмүнө таасирин тийгизүүдө. Учурда жүндү импорттоо боюнча Япония алдына ат салдырбайт. Андан кийинки орунда Улуу Британия турат. Франция, Германия, Италия өлкөлөрү да жүндү эң көп көлөмдө сатып алышат.

Маселен, Италияда бир адамга жүндөн 10,7 чарчы метр, Чехияда – 2,8 чарчы метр, Японияда – 2,4 чарчы метр, Түркияда – 2,17 чарчы метр кездеме чыгарылат.

Дүйнөлүк рынокто бардык талаптарга төп келген жүндүн 1 килограммы үчүн кайра иштетүүчүлөр 1 доллардан жогору акча төлөшөт.

Негизи кой жүнү уяң жана кылчыктуу болуп бөлүнөт. Дүйнөдөгү кылчык жүндүү койлордун эң көбү Улуу Британияда өстүрүлөт. Бул өлкөдө көп кылымдардан бери келаткан Лейсестер, Шевиот, Линкольн, Уэнслидейл, Ромни, Дартмур деген жана башка тукумдары бар.

Булардын арасынан Линкольн тукумундагы кочкорлор 160 килограммга, койлору 113 килограммга чейин салмак берет, жүнүнүн узундугу 38 сантиметрге чейин жетет. Ал эми Уэнслидейл тукумундагылардын жүнүнүн узундугу 45 сантиметрге чейин барат. Бул тукум аялдардын шиньондору менен театралдык париктерди даярдоо максатында түзүлгөн деп айтылып жүрөт.

Ал эми уяң жүндүү меринос койлордун түпкү мекени Испания болуп эсептелет. Кийинчерээк мындай жүн багытындагы өзгөчө койлор Австралияга, Жаңы Зеландия, Түштүк Африка, Аргентина, Бразилия, Уругвай, АКШ жана Канадага чейин тараган.

Австралиялык мериностор эмнеси менен артык?

Меринос койлор Испаниядан Австралияга 1797-жылы алып келинген. Учурда бул өлкөдөгү 100 миллиондон ашык койлордун 85%ын меринос тукумундагылар түзөт. Калганы Полворс, Корридейл жана Бодер Лейсестер тукумундагы койлор. Булардан тышкары кургакчылыкка чыдамдуу Мериностун Пеппин деген түрү бар. Бул тукумду Пеппиндердин үй-бүлөсү Меринос менен Рамбойлетте койлорун аргындаштырып алышканы белгилүү. Австралиялык супер уяң жана уяң жүндүү мериностордун 50 миллиондон ашыгы Жаңы Түштүк өрөөнүндө багылат. Алардын ар бири 21,7 килограммга чейин жүн берет! Сыягы, австралиялык койлор ушул касиети менен башкаларды азгырат. Ошентсе да, азыр дүйнөдө эт-жүн багытындагы кроссбреддик койлорду өстүрүүгө көңүл бурулуп жаткандыгын эскерте кетели. Ал эми Австралияда ушул тапта мүйүзү жок меринос койлорду көбөйтүү үстүндө иштеп жатышат. Маселен, “Олд Кобран” деген жалаң мүйүзү жок меринос өстүрүүчү асыл тукум заводдор пайда болду.

 Кой темасына кызык кошумчалар

40 млн. кою жана 4,4 млн. калкы бар Жаңы Зеландияда кыркын иши спорттун түрү катары эсептелет. Кой кыркуу боюнча жыл сайын биринчилик өткөрүлөт. Азыр сегиз саатта 749 баш койду кыркууга үлгүргөн дүйнөлүк рекорд ирландиялык Айвен Скоттко таандык. Аялдар арасында дүйнөлүк рекорд ошол эле убакта 507 баш кой кырккан жаңы зеландиялык Джо те Хайяга тиешелүү.

***

Кытайдын түндүк батышында Долан тукумундагы койлор өстүрүлөт. 6 айлык кезинде 90 килограмм салмак берүүчү бул койлордун саны болгону 1000ге жакын. Бат чоңоюп, көп эт бергени үчүн кытайлык бай уйгурлар анын ар бир башын 2 млн. долларга кабагым-кашым дебей сатып алышат. Өңү кара, узун кулак, дөң мурун болсо Долан кою ошончолук кымбат турат. Доландын уруктук материалы эле 47 миң доллардан сатылат.

Атай Алтымышев