А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 14-январында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – өз укуктарын жана коомдун же мамлекеттин  мыйзам тарабынан корголгон укуктарын коомдук коркунучтуу  кол салуудан активдүү коргогон адамдардын укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин айрым жоболорун өркүндөтүү.

Мыйзамда  КР Кылмыш-жаза кодексинин коргонуу зарылдыгы тууралуу 36 статьясы жаңы редакцияда  баяндалат жана  турак жайдын кол тийгистигин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган 137-статьяга өзгөртүүлөр киргизилет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.