too3

Австралияын борборунда,  Алис-Спринс шаарынан 450 км. алыстыкта жайгашкан,  дүйнө жүзүндөгү эң чоң  кумдан турган монолит.  Эң чоң кызыл Айерс Рок,  же Улуру, аны аборигендер ушундай аташат, Австралиянын белгилүү символдорунун бири. Кызгылтым сарыдан күрөң тартып турган сүйрү формадагы аска  жерден 350 метр бийик көтөрүлүп турат. Дагы үчтөн эки бөлүгү жерге жашырылып турат.  Улурунун узундугу 3,6 км, туурасы 2,9 км, жашы  680 млн. жылды түзөт.  Континенттин  чок ортосунан  тоо теги көтөрүлүп, Амадиус көлүнүн ортосунда турган аралдай көрүнүп турат. Тоо тегинин  урандылары  суунун  алдына чогула берип, капталынан жаткан чоң пилге  окшогон  асканы жараткан. Алыстан Улуру монолити жылмакай көрүнөт. Ал эми жакындан анын  бодурлары  кадимкидей билинип турат. Бул тоо негизинен  күн мезгилине ылайык, жарыктын тийишине карап  кубулуп туруучу кызыл кумдан турат. Эртең менен эрте тоо кара түстө болсо,  күн көтөрүлгөн сайын  кочкул көгүш кызгылтым  түскө боелот. Күн чыккан соң тоонун өңү  кочкул кызыл, анан розовый,  түштөн өтүп тоонун өңү алтын түскө алмашат.  Кечинде монолит  чөлдө кара түскө боелот. Улуруну биринчи көргөн европалык көрүнүктүү британиялык  саякатчы   Эрнест Джайлс  болгон. Ал 1872-жылы изилдөөчү  Уильям Госс менен  Гибсон чөлүндөгү  кумга барып,  кургап бараткан Амадиус туздуу көлүн ачышкан. Көлдүн жээгинен Джайлс  түсүн өзгөртүп турган асканы байкап калган, бирок  ага жеталган эмес.  Бирок Госс бир жылдан кийин Улурунун чокусуна чыккан жана  бул  чоң таштан турган тоону  Түштүк Австралиянын мамлекеттик катчысы, кийинчерээк мамлекеттин премьер-министри болуп турган  Генри Айерстин атынан  Айерс Рок  деп атаган.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА