Дуйшеев

-Орозбек Дүйшеевич, тоо-кен тармагындагы канык адис катары ойлоруңузду ачык айтып жүрөсүз. Жакында тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын кийинки жылдардагы ишмердиги жөнүндө китеп да чыгардыңыздар. Айтыңызчы, бүгүн тоо-кен тармагыбыз эмнеден аксап жатат?

-Тоо-кен тармагынын акыбалы бүгүнкү күндө өтө оор, кризистик акыбалда десек туура баа болот. Аларды төмөнкү фактылар менен келтирүүгө мүмкүн.

Өткөн эки жылда (2012-2013-жылдар) “Кумтөр” маселеси боюнча көптөгөн комиссиялар түзүлүп, анын жыйынтыгы менен Меморандум кабыл алынган. Аны юридикалык документке айландырып, тийиштүү келишимдерди түзүп чыгуу Өкмөткө тапшырылган. Кейиштүүсү, саясат оюндары башталып, Өкмөт башчысы алмаштырылгандыктан жаңы түзүлгөн Өкмөт бул маселени башынан баштоого туура келди. Аңгыча укук коргоо органдары “Кыргызалтын” ААКнын мурдагы директорунун үстүнөн иш козгоп, камакка алуу бул ишти дагы татаалдаштырды. Анын үстүнө кийинки күндөрдө “Центеррадагы” Кыргызстанга тиешелүү акциянын 60% (47 млн. акциясын) камакка алууга аракеттер башталды. Ошентип “Кумтөр” маселеси жаңыча чырмалышкан чырга айланды. Мындан сырткары, Кыргызстандагы ири жана иштетүүгө даярдалган “Жер-Үй” алтын кени 26 жылдан бери ишке киргизилбей жатат.

Ири кендердин бири болгон Сары-Жаздагы калай-вольфрам кенин өздөштүрүү иштеринин башталганына 27 жыл болду. Советтик доордо буга 180 млн. рубль жумшалып, көптөгөн инфраструктуралары курулган, алар азыр таланып бүттү.

Көмүр кендериндеги башаламандыктар, ошондой эле лицензияларды берүүдөгү жана аларды иштетүүдөгү көзөмөлдүн жоктугу бул тармакты түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылат.

-Бирок, тоо-кен тармагы биз үчүн өздөштүрүлбөй келген дың эмес эле да.

-Кыргыз эли байыркы эл, жашоодогу философиясы миңдеген макал-лакаптарда берилген. Мен сиздин бул сурооңузга кыргыздын “Чала молдо дин бузат”, “Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун”, “Акыл – дос, ачуу душман” деген сөздөрүнө таянып, жооп берейин деп турам. Тоо-кен тармагы эң татаал жана өзгөчө өндүрүш экендигин түшүнүп иш алып барууга тийишпиз. Ооба, өткөн кылымдын 20-жылдарынан баштап, биздин өлкөгө дүйнөгө белгилүү тоо-кен тармагынын илимпоздорунун жана адистеринин жардамы менен бул тармак өркүндөп-өсүп, чоң ийгиликтерге жеткенбиз. Кыргызстан көмүр казуу боюнча Орто Азиянын “кочегары” деген атка конгон.

Кыргызстан тоо-металлургия-лык комбинаты чыгарган коргошун Улуу Ата Мекендик согушта чоң роль ойногон. Кадамжай сурьма комбинатынын уютмасы дүйнөлүк эталон болуп эсептелген, Кыргызстанда өздөштүрүлгөн уран Советтер Союзунда биринчи атом энергиясын сыноого колдонулган. Кыргызстанда тоо-кен тармагы боюнча көп жетишкендиктер болгон. Көптөгөн кадрлар, тоо-кен адистери, профессионалдар өсүп чыккан. Тилекке каршы, өлкөбүз эгемендүү башкарууга өткөндө бул ийгиликтерди жоготуп койдук. Биздин өлкө эгемендикке өткөндөн кийин, кен байлыктардын ээси кыргыз эли экендигин, мамлекеттик менчик экендигин эске албай чет элден келген, кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлобогон аферисттерге кол куушуруп, алардын саясаттарын ишке ашырдык. 1992-жылдан баштап бул тармакты дүйнөлүк аферист Борис Бирштейн башкарса, 2005-жылдан баштап Максим Бакиев башында жүргөн Е.Гуревич, Елисеев, Курманалиевдер башкарышты. Алардын негизги максаттары элдик байлыкты мамлекеттик менчиктен ажыратып, элдик, мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарып, өз кызыкчылыктарына пайдалануу болгон. Булардын талаптарына ылайык лицензияларды берүүдө “либерализация” деген тартипти киргизишкен. Жыйынтыгында 2003-2009-жылдардын ичинде жер казынасын пайдаланууга 4500гө жакын лицензиялар берилип, аларды көзөмөлдөө мүмкүн болбой калган. Албетте, баалуу кендерге лицензиялар бийликтин керектүү адамдарына берилип, жең ичинен пайда көрүүлөр башталган. Мындай башаламандыктар мыйзамга да киргизилген.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө бул тармак боюнча мамлекеттик саясат болбой жатат. Ошондуктан, бийликтин бутактары ар кимиси өз билгениндей мамиле кылат, көп маселелер бири-бирине карама-каршы келүүдө. Ушундай акыбалдан чыгуу максатында Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы көптөгөн иш-чараларды өткөзүп, сунуштарды киргизгенбиз. Кейиштүүсү – бийлик аппаратында, ошондой эле жооптуу мамлекеттик кызматтарда бул тармак боюнча профессионал адистер болбогондуктан, биздин сунуштар кароосуз жана жоопсуз калууда. Биз 20-октябрда “Аки-прессте” тоо-кен тармагынын абалы жөнүндө чыгарылган китептин бет ачаарын өткөрдүк. Анда кийинки 5-6 жылдын ичинде жүргүзгөн иштерибиз жөнүндө жазылган. Бул тармакка кайдыгер карабаган жарандарга бул китеп кызыктуу болоруна ишенебиз. Китеп “Кыргызстандагы тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү жолдору” деп аталды. Бул боюнча кызыккан адамдар болсо, 54-14-48 телефонуна кайрылышсын.

-Орозбек Дүйшеевич, тоо-кен тармагындагы оор абалдан чыгуу үчүн адис катары кандай сунуштарды берээр элеңиз?

-Бул маселе боюнча биз бийлик тарабына көп кайрылып келебиз.

Биринчиден, кен байлыктардын жалпы элибиздин энчиси жана мамлекеттик менчик экендигин эске алып, бул тармакты башкаруу, өнүктүрүү жөнүндө 20-25 жылдык мөөнөткө Концепция иштеп чыгуу керек. Бул документ мамлекеттик саясаттын негизи болуу менен бийликтин бардык бутактары аткарууга тиешелүү болуусу кажет. Албетте, Концепцияны түзүүдө окумуштууларды, адис-профессионалдарды тартып, дүйнөлүк практикалык жетишкендиктерди пайдаланууга тийиш. Аны терең изилдеп, эл арасында талкуулап, жогорку бийлик органдарында бекитилип, мыйзамдаштыруу зарыл.

Экинчиден, бул концепцияны ишке ашыруу үчүн реалдуу башкаруунун структурасын иштеп чыгуу керек. Анда мамлекеттик көзөмөл органы менен өндүрүштү ажыратуу зарыл. Алардын биригиши коррупцияга жол ачары белгилүү. Ар бир кызмат орундарынын укуктуктары жана жоопкерчиликтери такталууга тийиш. Бүгүнкү күндө укугу бар уюмдарда жоопкерчилик каралган эмес, ал эми жоопкерчиликтүү уюмдардын укуктук күчү жок. Маселен, Экономика министрлиги саясатты иштеп чыгат, Мамгеология аны аткарат, жалпысынан көптөгөн маморгандар текшерет, акыбалга жооп берген орган жок.

Үчүнчүдөн, түзүлгөн башкаруу структурасын компетенттүү кадрлар менен бекемдөө абзел. Ошол органдарды демократиялык жол менен башкарууну (корпоративдик) киргизүү аркылуу кеңешүү органдар түзүлүп, аларга компетенттүү жана көз карандысыз кадрларды коюу учурдун талабы. Ошондой эле илимий-инженердик уюмдардын кеңеш-акылдарын ишке киргизүү максатында илимий-инженердик кеңештерди түзүп, алардын сунуштарын ишке ашыруу менен алдыга жылууга шарт түзүлөт.

Тоо-кен тармагынын өзгөчөлүгүн эске алуу деген дүйнөлүк практикада мыйзам ченемдүү бир шарт бар. Ал капиталды топтоштуруу деп аталат. Тоо-кен тармагы көп капиталдык салымды талап кылат. Ошол эле учурда кооперация жана адистештирүү принциптерин унутууга жол берилбеши керек. Демек, тоо-кен тармагы өтө татаал өндүрүш. Ага иш билги жана өзгөчө уюштуруучулук талап коюларын түшүнүүгө убакыт жетти.

 Азизбек Чамашев