пресс-рел2- пресс-рел- пресс-рел1-

КР Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айлында жайгашкан кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун мемориалдык үй-музейинде болуп, андагы жасалып жана пландаштырылып жаткан иштер менен кеңири таанышты. Ошону менен бирге акындын 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландаштырылган 350 орундуу конференц-зал куруу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 33 миллион сом акча каражатынын сметасын аныктоо жана конференц-залдын сырткы көрүнүшүнүн макетин кайрадан карап чыгуу боюнча тапшырма берди. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрилигине жана Чүй облусунун ыйгарым өкүлчүлүгүнө 2015-жылдын 25-мартына чейин акындын 100 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде белгилөө максатында түзүлүп жаткан иш-чаранын сценарийин биргеликте иштеп чыгып, сарпталучу каражаттын эсебин алуу боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, 2015-жылы көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмонов 100 жашка чыкмак. Бул кылым карыткан датаны мамлекеттик деңгээлде белгилөө боюнча КР Өкмөтүнүн атайын буйругу чыгып, вице-премьер-министр жетекчилик кылган уюштуруу комитетинин курамы бекитилген. Учурда бул иш- чарага даярдыктар көрүлүп жатат.