кельн1 кельн

Германиянын  атактуу  Кельн   шаарында  көөнө   тарыхтын    эстелиги,   көөнө доордун изи  катарында  Кельн  соборунун мунарасы  заңкайып, алыстан  эле   бажырая көрүнөт. Курулушу өтө уникалдуу, архитектурасы табышмактуу, эки ярустуу, эгиз мунаралуу бул чоң чиркөө  1250-жылы  курула баштаган,  бийиктиги  9.50 метр, туурасы  4.60 метр келген   чиркөө- ибадаткананы  750 жыл бою ар кайсы бөлүгүн, мунараларын  өтө  кылдаттык, чоң  чеберчилик менен  курушкан, анын 550 тепкичи  бар. Мурда түсү ак болгон,  канчалаган  кылымдарды көрүп, ачык асман  алдында тургандыктан  чаңдан, кирден өңү  карарып  кеткен. Алгачкы пайдубалынын  таштары  биринчи жолу 1248-жылы коюлган.  Пайдубалын  казып жаткан  мезгилде  байыркы  Римден калган таштар, римдиктерге  тиешелүү буюм-тайымдардын   калдыктары  чыккан. Мунараны  курулушу расмий бүткөн жылы  ХIХ кылымга, 1880-жылга таандык.1880-жылы  Германиянын   кайзери   Вильгельм  1  өзү келип,  собордун  түштүк  мунарасынын акыркы ташын койгон.

Кельн  епископствосунун  тарыхы көптөгөн  тарыхый изилдөөлөргө  караганда , алгачкы жолу анчалык чоң  эмес епископство  готикалык  стилде курулганын кол жазмаларда айтылат.1164-жылы архиепископ  Райнальд Дассельский  Миландан Үч Царь-Волхвов олуялардын  статьуяларын  алып  келип  орноштургандан  кийин анын жолун  жолдоочу  Филипп  Хайнсбергский  олуялар үчүн  алтын, күмүш   жалатылган жана башка асыл таштардан  реликвария  жасатууга  киришет. Ушул  ыйыктардын  жана  олуялардын  Кельндөгү  собору  Орто  кылымдардагы  бүткүл  Европадагы  зыяратчыларды  өзүнө  тартып  турган. 11248-жылы епископ  Конрад  Хохштаденский   мындан кем калышпаган,  ошол кезде Германияда көп колдонулган  роман  архитектурасындагы эмес, француздардын   соборлоруна  мүнөздүү  болгон  жаңыча  “заманбап” стилдеги кошумча  мунарасын   курууга бел  байлайт . Кийинки  кылымдарда чоң залындагы  капелласы, түндүк-түштүк тарабындагы нефасынын  витраждары,  Ыйык Кларынын алтары, Энгельберт,  Матерна, ыйык  Иоанна,  ыйык  Агнесса, ыйык  Михаил, ыйык  Стефан, ыйык Кудай-Эне, Милан Мадоннасы  жана Үч Царь-Волхвов жана башка бир нече  ыйык-шайыктардын    капеллалары  курулат.  Собор  26 бөлүктөн  турат, алардын ар биринин  узун  тарых-таржымалы,  кимдер  куруп, кандай  салым кошкону, алардын  атак-даңкы  кошо  жазылат. Мындайча айтканда , эбегейсиз  искусство  чыгармасынын дүйнөсүнө сүңгүп киргендей  болосуз. Маңыз-мааниси  боюнча  диндин  өсүп-өнүккөн  этаптарын даңазалаганы менен  уникалдуу чыгарманын  курулуш материалдарына  эч нерсени аяшпаганы(алтын –күмүш, үлүлдүн кабыгын,  жер жүзүндөгү асыл таштардын  бүтүндөй  пародаларын, жапайы жаныбарлардын сөөгүн, терисин,  мүйүзүн, табийгый  дарактардан; дуб, карагай, жаңгак, бамбук сыяктуу өлбөс-өчпөс материалдар)  болгон байлыгын, болгон талантын, болгон күч –аракетин, эбегейсиз эмгек  жумшап, көөнөрбөгөн, “солк” этпеген ,тарыхый  баалуулукту келечек  муундарга  калтырышкан. Ар бир бөлүк темир  тор менен жасалгаланган, бир мезгилдерде  Европанын  пулу чиригине  байлары келип, чоң сумманы төлөп, өз үй-бүлөсү менен зыярат кылышкан, сыйынышкан. Чиркөө-собордун  алдынан  өткөн  доордун   личностторун- кейипкерлерин   турап   кийинген Чарли   Чаплин,  Македонский , ханыша,  желмогуз кемпир жана  башкалар сиз  менен сүрөткө  түшкөнгө  өтө  ынтызарлыгын билдирип, азгырып  турат.

Баса, мурда  тээ  илгерки  Кельн  шаарында  үйлөрдүн катар номурлары болбоптур. Европа  мамлекеттерин  биринин  артынан бирин  басып  алган, атактуу  полководец  Бонапарт  Наполеон  Кельнге келгенде  ар  бир  үйгө  катар  номур коюп  чыгууну  тапшырат. Ошондо   Фарина деген  кишинин  үйүнө өз  колу  менен   №4711 деген номурду  жазып  коет. Фарина  кийин   атактуу   парфмюмер болуп, өзү  чыгарган   атырлардын  коллекциясына   Наполеондун    номурун  коюп  чыгарат. Тез  эле атырдын даңкы тарап ,ошол  кездеги   бай,  дөөлөттүү, ак сөөк ( күйөөсүнүн  мартабасына  манчыркаган)  фрау- немкалардын, немец айымдардын    дээрлик  бардыгы  ошол  атырды  себинишчү  экен.

Кельндө  таң   каларлык  бир  нерсе  мени кызыктырып  калды. ”Рад  хаус”  бизге которгондо, Ак үйдүн (ошол  “землянын”  босу- чоңу отурган  жерде)  жанындагы  бир имаратта  тынымсыз   музыка   ойнолуп   турат.  ”Ким көп төлөйт?”  деген   бадырайган көрнөк  көңүлдү аргасыз  бурат. Европада  музыканын  түрү,  тематикасы,  жанры, тиби өтө өнүккөнү  талашсыз .Кимге  кайсы   музыка  жагат?  Эл  көп чогулган   жайларда,  туристтерди алып  барчу кооз, көңүлдү  көтөрүп эс алчу  жерлерде  сизге  кайсы  музыка  жагаарын, кайсы  ырга  ышкыңыз түшүп, табитиңиз   тартып  турганын  чөнтөгүңүз  эле  , заматта  аныктап  коет…  Биздеги   базардагы   кумар   оюну  сыяктуу  дейин  десем,  адам баласы  табити  үчүн  эч  нерсени  өзүнөн   аянбаганы турган  кеп.

Ризван ИСМАИЛОВА,  Бишкек-Москва-Дюссельдорф