лавина

2015-жылдын 19-февралында саат 09:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо  районундагы Казарман-Ак-Талчат унаа жолунун 89-90-чакырымдарында көлөмү 600м³  кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Унаа жолун тазалоого №18 Жолдорду эксплуатациялоочу мекемеси тарабынан 1 даана жүктөгүч тартылып,  унаа жолду кар көчкүдөн тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.