Каржы – кабар
“Торугарт” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктун Евразиялык экономикалык биримдигинин талаптарына дал келтирүү үчүн 13 миллион 120 миң доллар жумшалат.
***
Бишкектин бир катар жолдорун реконструкциялоо боюнча Кытай өкмөтү менен түзүлгөн келишим ратификацияланды, анын негизинде жакынкы 3 жылда 200 млн. долларга жолдор оңдолот.
***
Сомдун курсун сактоо үчүн КР Улуттук банкы тарабынан 36,45 миллион доллар интервенцияланды.
***
Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы жүгүртүлгөн акчалар 20 млрд. сомду түзөт.
***
Дүйнөлүк валюта фондунун (МВФ) божомолу боюнча Кыргызстандын экономикасынын өсүүсү 2015-жылы 1,7 пайыз болоору айтылууда.
***
Жазгы талаа дыйканчылык жумуштарына 40,5 миң тонна күйүүчү май камдалат.
***
2014-жылдын 9 айында туризм тармагына 4,9 млрд. сом инвестиция салынган.
***
Мамлекеттик комиссиянын тыянагына ылайык “Кумтөр” боюнча канадалыктарга 5 миллиард доллар өлчөмүндө экологиялык доо коюлган.
***
“Росинбанктын” жалпы активи 2015-жылдын 1-январына карата 12,3 млрд. сомду түздү.
***
Малды идентификациялоонун I-II этаптары үчүн Өкмөт 19 млн. доллар жумшайт.
***
Былтыркы бир жылда доллардын рыноктук курсу 19,6 пайызга көтөрүлдү.
***
2014-жылдын ичинде Бишкекте 210,6 чарчы метр аянтта баасы 5 млрд. 818,7 млн. сомду түзгөн 1352 турак үй пайдаланууга берилди.
***
Теплицалык чарбаны өнүктүрүү үчүн Баткен облусуна 15 млн. доллар бөлүнөт.
***
Үстүбүздөгү жылдын 4-февралынан бери Кыргызстан боюнча күйүүчү майдын баасы 1 сомго арзандады.
Даярдаган Азизбек Чамашев
Leave a Reply