Дастан Бекешев1

Жакында  ЖКнын  кеңешмесинде  депутат Дастан  Бекешев  жанына  бекем  батканбы  же  чын  эле  бизде да Сингапурдай  кээ  бир  майда  “кылмыш  жасагандарга,  алдамчылык,  уурулук  кылгандарга,  жол  эрежелерин  бузгандарга”  карата  камчы  менен  беш  тартуу  ыкмасын  практикалоого мезгил  келди  деген  пикирин  ортого  салды.

Бул  жерде  тартипке  чакыруу  үчүн  жазалоо куралдарын  колдонууну көздөгөн Дастан Бекешевди  түшүнсө  болот. Болгону  ар  дайым өз оюн  салмактап, бир топ иргеп айткан  эл өкүлүнүн  тартипти, ыймандуулукту  бекемдөөгө карата  айтылган  демилгесин  кичинекей гана провакация катары кабылдообуз  керек.

Менимче, банан-лимон өлкөсү болгон Сингапур  жөнүндөгү  мисал  орунсуз.  Бул  өлкөдө  тартип  өтө  катуу.  Жер  аз,  эл  көп.  Калк  менен  андай-  мындай  деп  отурганды  эч  ким  каалабайт.  Сингапурдун  көчөсүнө  түкүргөн  адам – 500 доллар  айып  пул  төлөөрүн  бүткүл  дүйнө  билет.  Мындай  бекем  тартиптин  натыйжасында – бул  өлкө  кылмыштуулуктун  деңгээли  боюнча  дүйнөдөгү  эң  төмөнкү  көрсөткүчү  бар  мамлекеттердин  катарында  турат.

Бир  жагынан  урматтуу  депутатты   түшүнсө  болот.  Себеби,  Кыргызстанда  майда  кылмыш  жасаган  атуулдар  эч  кандай  жоопкерчилик  тартышпайт.  Демокрейшн.  Каалашынча  түкүрүнүп,  улуу-күчүүнү  көзгө  илбей  сөгүнүп,  мас  болуп  коомдук  жерлерде  мушташ  чыгаруу,  көндүмгө  айланган.

Бүгүнкү  күндө  адепсиз,  уятсыздар – биздин  күндөрдүн  баатырлары.  Эл  ичинде  айтылган  “уятсыздык –экинчи  бакыт” деген  кеп  ушундан  улам  чыкса  керек.  Эмне  болсо  да  адепсиз  жүрүм-турум  бул  жоопкерсиздиктин  жыйынтыгы. Көчөдөгү  кымбат  баалуу  “Жиптерди”  айдагандар  жолдо  өздөрүн  жерге  түшкөн  жол  кудайларындай  алып  жүрүшөт.  Эмне  үчүн?  Себеби,  жол  эрежесин  бузуу – бул  бизнес.  Кызылдан  өттүң,  айып  пул  төлө  деп  опузалаган  сержант  бир нече  жүздүктү  алаары  менен  “Свободен”,  төрт  тарабың  кыбыла  деп  аны  жолго  салат.

Кыскасы,  бизде  патологиялык  адепсиздик  гүлдөгөн  кез.  Мисалы,  бир  топтон  бери  тынч  отурушкан  жүргүнчүлөрдү,  бир  гана  истеричка  көз-ачып  жумганча  дүрбөлөң  чыгарат.  Жолдон  көзүн  албай  айдаган  айдоочу  кыйкырып,  чал-кемпирлер  күңкүлдөшүп,  жүргүнчүлөрдү  түрткүлөп,  сумкасын  сүйрөгөн  студент  айдоочунун  түшүүгө  болбойт  деген  сөзүн  уруп  ойнобой  эшикти  тарс  жаап  дугдуңдап  жөнөйт.

Коомчулукка  калжакелик  ушунчалык  бекем  сиңгенби,  айтор  маданияттын  үлгүсү  болгон  интеллигенциянын  да  нерви  жукарып,  ушул  ооруга  чалдыккандай.  А  бирок,  бүгүнкү  күндө  бардык  маселе  мыйзамсыздык  менен  чечилбесин,  күч  структурасынын  өкүлүн  тумшукка  урса,  көчөлөрдү  тосушса,  дүкөндөрдү  тоношсо  эл  самаган  жакшы  заман  келбей  тургандыгын  эл  жакшы  түшүнүп  калышты.  Жоон топ  адам  кызуу  кандуу  болушу  мүмкүн,  бирок  коомчулуктун  элитасынын  андай  болууга  акылары  жок.  Эл  тынч  болушу  үчүн  бийликтегилер  эстүү  болуулары  керек.  Тилекке  каршы,  биздин кээ бир  лидерлерибизге  оор  басырыктуулук  жат.  Эмне  десең  эле  өздөрүн  Чыңгызхандын  урпагымын  деп  төш  кагып,  тосмодон  ашышат.  Мындай  тынч  жаткан  элдин  ыркын  кетирип,  өздөрүнүн  пайдалары  үчүн  элди  дүрбөлөңгө   салууга  аракеттенишкен  лидерлер  четтен  чыгат.

Анан  калса,  Ата  Мекендик  кээ  бир  адепсиздер  мамлекеттин  эсебинен  капчыктарын  кампайтышкандарды  өлө  жакшы  көрүшөт.  Бул  жерде  ким  иштесе,  ал  жейт.  Студент,  үйрөн, – деген  принцип  бекем  орун  алган.  А  жаштар  үйрөнүп  жатышат.  Себеби,  жаман  нерсе  бат  жугат  да…  Деги  бизге  уруп-жазалоо  керекпи?.. Бул  биздин  ыкмабыз  эмес…

Европада  мындай жол  менен  жазалоо  эбак  токтогон.  Бирок,  бүгүнкүдөй  өнүгүү  деңгээлине  жеткенге  чейин  алар  да  бир  нече  жүз  жылдыктарды  артка  ташташкан.  Биз  да  интеллектуалдык  жактан  өнүгүүбүз  керек,  бирок,  кээде  чектен  чыккандарды  камчы  менен  беш  тарткың  келет…

Бактыбек  ИМАМАДИЕВ