12

Темирбек Токтогазиев, “Манас-Жаңырыгы” телерадиокомпаниясынын башкы директору:

-Бүгүнкү күндө көмүрдүн да, электр энергиясынын да баасы кымбаттады. Кышында электр энергиясы менен үйүн жылыткандар бар. Мындай иш-аракет өлкөбүздө кыйынчылыктарды жаратат. Айрыкча, көп балалуулар жана кары-картаңдар үчүн өтө эле оор болот. Менимче, коомдо кандайдыр бир тынчсызданууну алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, көмүрдүн баасын стабилдүү кармаш керек.

 Султан Раев, экс-министр:

-Кыш оор болуп жатканда элдин мүмкүнчүлүгүнө ылайыктуу баа болсо, жакшы болот эле. Көмүрдүн баасы кымбаттаса, элдин жашоосу кыйын болуп калат. Азыр баары эле көмүрдү карап калган да. Көмүрдүн баасын көзөмөлгө алып, сатып жатканда баасына, сапатына көңүл буруу зарыл.

 Имарбай Бакиров, Чоң Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

Бүгүнкү күндө Чоң Алай районунда көмүрдүн баасы жылдагыдай эле, андыктан көмүрдү сатып алганга элдин мүмкүнчүлүгү бар. Эгер жылдагыдай кымбаттап кетсе, кыйын болот. Өзүңөр билесиңер, бизде кыш оор болот. Андыктан, көмүр да көп керектелет.

Бакыт Рыспаев, Тоң районунун акими:

“Кара кече” кенин жөнгө салыш керек. Тендерден утуп, келишим түзгөн жеткирип берүүчүлөр, барганда аябай кыйынчылык менен алып келип жатабыз деп, өздөрүнүн арыздарын айтып жатат. Ал жерде унаалар токтоосуз, тез-тез каттаса, көмүрдүн да баасы кымбаттабайт.

Жылдыз Мусабекова, Бишкек шаарынын Ленин районунун №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы: (Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо)

Антимонополия деген комитет түзүлгөндөн кийин, Өкмөт тараптан башында эле бирдей бааны белгилеш керек болчу, көтөрүлбөшү керек деп. Көзөмөл жок болгондуктан көмүр саткандар өз билген баасын коюшууда. Жаңы конуштардын жашоочуларынын күнүмдүк турмушу менен күндө аралашып жүргөндүктөн, элдин кыйналып жатканына күбөмүн. Электр энергиясы тартыш болуп жаткандан кийин, калкты көмүр менен жеткиликтүү баада камсыз кылууга тийишпиз.

 Самара Капарова